Жоголгон «ЭДЕМ АЛМАСЫ»

“Эдем алмасы” деген тасма бар экенин Нарист менен Жийдештин аткаруусундагы популярдуу саундтректен гана билбесек, башка эч жерде айтылбайт. "Менин да дайрам бир күн, Сүйүүдөн толкуп-ташат..." деген саптарды далай жаштар кыңылдап ырдап жүрүшөт эмеспи. Аталган тасманын тагдыры тууралуу режиссёру РУСЛАН МАШРАПОВ кеп салат.

– Саламатсызбы? Алгач “Эдем алмасы” фильминин жаралуу тарыхынан баштасак...
– Бул тасманы тартуу тууралуу алгач идеяны мага америкалык “Манас” таануучу Ричард Хевит деген жазуучу сунуш кылган. Идея аябай көңүлүмө жагып, фильм тартууну чечтим. Сценарийин өзүм жазып, 2005-жылы ишти баштагам. Болжол менен 2 же 3 айдын ичинде тартып бүттүк. Негизи, тасманын идеясы өтө курч маселени чагылдырган. Мен чыгармачыл инсан катары бул дүйнөнү татынакай алмага салыштырдым. Сырты кооз, бирок ичи чирип бараткан адамдардын жан дүйнөсүн ушул фильм аркылуу адамдар көрүп, кичине болсо да таасирленсин деген тилекте тартканмын.
– Эмне үчүн “Эдем алмасы”?
– Баарыбыз эле билебиз, алгачкы адамдар: Адам менен Ева Кудай тыюу салган аймакка кирип, жебе деген алманы жеп, бейиштин багынан куулушкан. Ева эне алма жегиси келгенин Адам атага айтат эмеспи. Ал эми эркек аялдын сөзүнө азгырылып, ага макул болуп жатпайбы. Бул нерсе бүгүнкү күндө деле актуалдуулугун жогото элек. Дагы бир жагдай, фильм Бишкектеги түнкү клубдардын биринде тартылган. Ал түнкү клубдун аталышы кыргызча “алма” деп которулат. Менин жеке оюм боюнча, түнкү клубдарда адамдардын жаман, терс жактары гана көрсөтүлөт. Ошол эле кыздар, ичимдик, эс-учун жоготкончо бийлөө, мушташ... Булардын баарын ошол жай ичине камтыйт.
Фильмдин башында терезеде жөргөмүштүн желесинен чыга албай калган чымынды тартканбыз. Ал желеден эч качан чыга албасын билем. Ага сөзсүз бирөө жардамга келиши керек. Мен адамдарды ошол жөргөмүштүн желесинен чыга албай калган чымынга салыштыргым келди. Адам жаман жолго түшсө, аны адам гана куткара аларын айткым келди.
– Фильмдин сюжетин кыскача баяндап берсеңиз...
– Фильм эки бир тууган жөнүндө. Ынтымактуу ага-инилердин агасы шаардагы түнкү клубдардын биринде иштейт. Анын сүйлөшкөн кызы да ошол клубда иштеп, экөө чогуу ырдашат.
Бир күнү иниси атасынын буйругу менен агасынан кабар алуу үчүн шаарга келет. Агасы инисине өзүнүн иштеген жерин көрсөтүп, түнкү клубдун жашоосу менен тааныштырат. Ошондой кечелердин биринде түрмөдөн чыккан жигиттер клубда чардап отуруп, агасынын сүйлөшкөн кызына тийишишет. Сүйгөнүнө болушкан агасы жана ага жардамдашкан иниси экөөнү чоң муштум жигиттер чала өлүк кылып сабап салышат. Ага-ини ооруканага түшүп, дарыгерлер атасына “эки балаңыздын бирин гана сактап калууга кудуретибиз жетет, кимисин аман алып каласыз?” деген суроо коюшат. Анткени экөөнүн тең ички органдары жарабай калгандыктан, биринин органдарын экинчисине салып, бирөөнү гана аман алып калууга болорун айтышат. Бул нерсе атасына “эки колуңдун кайсынысын кесели?” деген сыяктуу эле. Эки бир туугандын тандоодо калган өмүрүн иниси угуп калат. Иниси агасы менен өткөргөн бактылуу күндөрүн эстейт. Боюнда бар сүйлөшкөн кызынын элеси көз алдына тартылып, анын улуулугун ойлоп, дарыгерлер менен жашыруун сүйлөшүп, агасы үчүн жанын берет. Инисинин бул эрдигин агасы кийин ооруканадан көзүн ачканда гана билип, көзүнө жаш алат. Фильмдин соңунда агасы кайра узун жолдо шаарга сапар алат. Ошондо чөптүн арасында баягы эле жөргөмүш бараткан болот. Ал азгырыктын белгиси болчу.
– Фильм эмне үчүн элге жеткен жок?
– Бул мен үчүн өтө жүрөк өйүткөн нерсе. 2005-жылы эч кимге көрсөтпөй түп нуска вариантын чогултуп, Чехияга фестивалга жиберген элем. Бирок тасма ал жака жетпептир. Алардан сурасам “жеткен жок” дейт же кайра бул жакка кайтып келбейт. Ошентип, эмгегимдин баары талаага кетти. Азыр менде “черновой” варианты гана бар. Кээде өкүнөм, биринчи элдин сынынан өткөрүп, сатыктан кийин фестивалга жиберсем болмок экен деп. Буюрса, жакында аны толук метраждуу тасма кылып тартам деп турам. Анткени идеясы, чынында, мыкты болчу, айрыкча жаштарга жакшы таасирин тийгизет деген ойдомун.
– “Баш каарман Мээрим Шерматованын күйөөсү кызганып тарттырбай коюптур” деген кептер тарады эле... Жалпы эле тасмага кайсы актёрлор катышкан?
– Ооба, бул чын. Бул тууралуу айтуунун деле кажети жок. Мен ошондо Шайыр Касымалиевага чейин чалып сурангам. Бирок ал кыз үй-бүлөсүн тандаптыр. Ошол тартылган фильм толук кандуу бүтпөй, болгон материалды монтаждын жардамы менен гана аягына чыгаргам. Ошондуктан жаңы вариантына башка актёрдук курам алып жатам. Ал эми ошондогу актёрдук курамда Камчы Сарыбаев, Тынчтык Абылкасымов, агасынын ролунда ырчы Нарист бар болчу.
– Канча каражат сарптагансыз?
– Бюджети сыр бойдон эле калсын. Ошондо демөөрчү болгон америкалык жазуучу Ричард Хевит иштери менен өз өлкөсүнө кетип келбей койду. Тасманын аягын өз чөнтөгүмдөн каражат таап тартканга аргасыз болгом.
– Саундтрегин Нарист менен Жийдеш деген ырчылар ырдап жүрүшөт...
– Ооба, экөө тең таланттуу ырчылар. Жийдештин үнү бар. Бирок ал топ түзүп, азыр ресторандарда ырдайт. Өзү ошол багытты тандап алыптыр, шоу-бизнеске аралашып ырчы болсо деле жарашмак.Фильмдин композитору – Азат Дөөткулов ошол саундтректин автору. Ал эми башкы ролдогу Нарист ырчы гана эмес, таланттуу актёр дагы. Аны тасманын кийинки тартыла турган вариантына чакырайын деп жатам.

(Нарист менен Жийдештин аткаруусундагы саундтректи бул жерден көрө аласыз)

Лунара Бекиева
kino@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
deer
2011-10-25 11:12:32
менин коргум келип жатат фильмди. Тарбиялык мааниси чон, жакшы фильм болот окшойт.
0
Bombarbio
2011-10-26 14:01:25
Мен бир нерсеге тан калып атам.Руслан Машраповдун 2006-жылы бир берген маегинде дал ушул кино тууралуу Баиевдин иниси Жусуптун баласы Алтынбек Бакиевди аябай котормолоп ийди эле.Каражаттарын ошол жигит которду ал менин эн жакын досум анан сорежиссер да болду деп.Эми ал тууралуу эч нерсе айтпаптыр.Айтсаболмок биринчиден Руслан маданияттын адамы маданияттын адамына сот жок,экинчиден Алтынбек Максим сыяктуу жакын мамилеси коркунуч туудурчу фигура деле эмес.Досунун башына тун тушкондо качкан окшойт
0
№ 468, 21-27-октябрь, 2011
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан