КОЖОМКУЛ АТАБЫЗДЫН КАЗА БОЛГОН КҮНҮ ТАКТАЛДЫ

Тарых барактарында белгилүү бир датага тактык киргизилип, башка күнгө орун которду. Тактап айтсак, буга чейин өлгөн күнү 16-октябрь деп айтылып келген Суусамырдын айтылуу алп балбаны Кааба уулу Кожомкулдун 23-октябрда каза тапканы такталды. Бул тууралуу залкардын чөбөрөсү Орозалы келип кабарлады.
“16-октябрда чоң атам Муктар (Кожомкулдун уулу) өлүптүр. Чоң чоң атам Кожомкул 67 жаш курагында, 23-октябрда уулу Муктар менен бир айда көз жумгандыктан, экөөнүн өлгөн күнү алмашып кеткен”,- дейт. 16-октябрда улуу инсанга куран түшүрүүнү унуткан кыргыз жарандарына дагы бир мүмкүнчүлүк туулду десек болот.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Taalaibek
2011-10-25 07:08:11
Эми жакшы болду так санын билип алдык. Кожомкул бабабыстын жаткан жери жайлуу болсун, топурагы торко болсун. Аллахым жаннаттан жай жана бейиш берсин.
0
№ 468, 21-27-октябрь, 2011
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан