Футбол боюнча Улуттук биринчиликтин аяктаарына 2 тур калганда «Дордой» чемпион болгон. Кийинки эки тур чемпион үчүн маанисиз болсо да, Улуттук биринчилик өз маанисин жоготпой, мыкты оюндар өттү. Негизги окуяларына токтолсок, кочкор-аталык «Нефтичи» менен канттын «Абдыш-Атасы» мелдеште экинчи орун үчүн күрөшүп, «нефтичилер» 2:1 эсебинде утуп алышты. Мелдеш жыйынтыгында “Алганын” оюнчусу Евгений Веревкин 12 голу менен бомбардир аталды.
Акыркы эки турдун жыйынтыктары жана мелдеш жадыбалы төмөнкүчө:
19-тур
“Нефтичи”-“Абдыш-Ата” – 2:1
“Алга”-“Дордой” – 1:1
20-тур
“Нефтичи”-“Алай” – 2:1
“Дордой”-“Абдыш-Ата” – 3:0