Кыргыз бильярды соңку мезгилде тыным албай калгандай. Удаа өткөн шаар жана өлкө чемпиондугунан соң бильярдчыларыбыз кезекти бильярд боюнча Дүйнө чемпиондугуна беришти. Өлкөнүн кийге сап 5 уланы Украинада өтүүчү Дүйнө биринчилигине аттанды. Тизмеге өлкө чемпиону Кубанычбек Сагындыков, шаар чемпиону Ызат Раатбеков, бир нече жолку Дүйнө чемпиону Каныбек Сагынбаев жана Антон Нетесов, Камолиддин Есиддиновдор кирди. 19-23-октябрда өтүүчү Биринчиликке дүйнөнүн 20 өлкөсүнөн 100 эркек жана 30 аял кий чебери катышат. Мелдештин байге фонду 30 миң доллар. Жердештер, акчага да, намыска да бек тургула!