«ДҮЙНӨ ЧЕМПИОНДУГУН УРДУМ» ДЕГЕН ЗИНЕДИН ЗИДАН

Зиданды сагындыңызбы? Төбөсү таз, сүрдүү көрүнгөн, теги алжирлик болгон франциялык футболчу Зинедин Зидан эсиңиздедир. Дүйнөнүн үч жолку мыкты футболчусун ким унутат? Өзгөчө чоң спорттон атаандашын башы менен көкүрөккө сүзүп кеткеничи... Кесиптештери анын майдандагы лидерлик мүнөзүн, футбол сүйүүчүлөр мыкты оюнун сагынып жатат десек жаңылышпайбыз. Учурда Зизу бактылуу үй-бүлө кожоюну, бакыйган чиновник. Баарынан кызыгы, ал өзүнө мураскор даярдап жатат.

ЗИНЕДИН ЯЗИД ЗИДАН
Туулган жылы – 1972-жыл, 23-июнь.
Туулган жери – Марсель, Франция.
Бою – 185 см.
Салмагы – 80 килограмм.
Лакап аты – Зизу.
Жетишкендиктери – Франциянын курамында Дүйнөнүн (1998) жана Европанын (2000) чемпиону, УЕФАнын ЧЛсын жеңүүчүсү ("Реал" менен 2002-жылы), ФИФАнын версиясы боюнча Дүйнөнүн 3 жолку мыкты футболчусу (1998, 2001, 2003).
Үй-бүлөлүү, 4 уулдун атасы.
Учурда Испаниянын Мадрид шаарында жашайт.
Түрдүү жылдарда франциялык “Канн”, “Бордо”, италиялык “Ювентус” жана мадриддик “Реалда” ойногон. Профессионалдык карьерасында 686 ирет майданга чыгып, 126 гол киргизген (анын ичинде Франциянын курамында 108 оюнда 31 ирет айырмаланган).

ТУБАСА ЛИДЕР
Зидан майданда лидерлик сапаты, түрдүү кырдаалда оюнду жөнгө сала алуусу жана мыкты оюну менен айырмаланчу. Дагы бир өзгөчөлүгү – өтө эмоционалдуу. “Намыска тийген сөздөрдү укканда кармана албай калам”,- дейт. 17 жылдык карьерасында 14 ирет калыс тарабынан оюндан четтетилген. Кызыгы, баарында тең оюн эрежесин бузуп эмес, жинин кармай албай атаандашка орой мамиле кылгандыгы үчүн. Анын намыскөйлүгүн дүйнө эли 2006-жылы Дүйнө чемпиондугунун финалында көргөн. Анда карындашы жана энесинин дарегине айтылган жаман сөзү үчүн италиялык Марко Матераццини башы менен көкүрөккө сүзүп жыккан. "Дүйнө кубогун урдум!" деген майдандан чыгып баратып. Кызыгы, мындан Зидандын аброюна шек келген жок. Тескерисинче, аброю өстү.

ЖУРНАЛИСТТЕРГЕ ЭМНЕСИ МЕНЕН ЖАКПАЙТ?
Жеке өзү тууралуу эмне билесиз? Мусулман, аракетчил жана жөнөкөй. Тыным албаган Зидан "футболчу жалкоо болбош керек" деп көп айтат. Ал эми журналисттерге жакпаган сапаты – суроолорго кыска жооп айтып, ачылып сүйлөбөгөнү.
Бир ирет стадиондо чогулган элдин алдында сөз сүйлөөгө өтө жупуну кийим, башына кепка баса кийип келет. Кыскасы, бир көргөн киши аны таанымак эмес. “Мен кимге окшоп турам?” деп жанындагы журналисттен сураганда, ал “катардагы эле кишиге” дейт. “Ооба, мен дайыма катардагы жөнөкөй киши болгум келет” деген эле.

АТАСЫ КАРШЫ БОЛГОН
Зидандын футболго келүүсүнө атасы каршы болгон. Алжирден жер которуп келген атасы велосипеддер коюлуучу жайды түнкүсүн күзөтүп жан бакчу. Ал Зиданды иммигранттарга мүнөздүү кара жумушчу катары көргүсү келбеген. 1998-жылы финалда Франция-Бразилия беттешине атасы барган эмес. Дүйнө чемпиону болгон уулун тек гана “азаматсың” деп койгон. Футбол ойноп ата-энесинин, өзүнүн турмушун оңдогон Зидан акчасын кайрымдуулук иштерине, Балдар үйүнө да бөлөт.
Эскерте кетсек, Зидан Франциянын курамында тушоосун 22 жашында Чехияга каршы оюнда кескен. Биринчи эле оюнунда 2 гол киргизип, мыктылыгын далилдеген.

БҮГҮН ДИРЕКТОР, ЭРТЕҢ ПРЕЗИДЕНТПИ?
Зизу 34 жашында футболдогу алтын доорун аяктаган. Күйөрмандар азыркыга чейин анын эрте кеткенине сыздашат. “Футболдон эрте кетип, калган энергиясын кийинки бийиктиктер үчүн сактап калды” деген кеп да тараган. Чындыгында, ошол сөздөр чын болуп, Зидан жаңы карьера баштады. “Реалдын” президенти Флорентино Переске кеңешчи болуп дайындалды. Быйыл жазында кызмат орунунан көтөрүлүп, клубда спорттук директор кызматына келди. Учурда ал клубда сөзү өткөн үч кишинин бири. Калган экөө: башкы машыктыруучу Жозе Моуринью жана президент Флорентино Перес. Болочок пландарында машыктыруучулук жана саясат менен алектенүү бар экенин жашырбайт.

ЧӨНТӨК, КУРСАК ЖАНА ЭС АЛУУ МАСЕЛЕСИ
Зидан майданда же кызматта гана эмес, жарнамада да ийгиликтүү. Ал Диего Марадона жана Пеле менен чогуу "Louis Vuitton" компаниясынын жарнамаларына тартылган. Андан соң "Y-3" компаниясы аны чакан видеоролигине түшүрсө, бир ирет "Adidas`тын" жыпар жытын сатып алган катардагы жөнөкөй кишинин образын берген. Эс алууда ал деңизди тандайт. Греция жана Түркиянын парустук жээктеринен көрүүгө болот. Футболдон башка теннис, Формула-1 жана дзюдого кызыгы бар. Табитине испан, итальян жана алжир ашканалары жакын. Ар кандай кайрымдуулук иш-чаралардын активдүү катышуучусу.

ОРУН БАСАРЫН ДАЯРДООДО
Зидан жубайы Вероника экөө 4 уулду тарбиялашат. Алардын 17 жашар уулу Энцо “Реалдын” академиясын аяктап, профессионалдык футболго аттанганы турат. Европанын беделдүү клубдары кызыгып жаткан Энцо Зидан келечекте атасынын ордун баса алабы, жокпу, убакыт айтат. Анын таланты бар экени, келечекте мыкты футболчу чыгары айтылууда. Футболчунун жубайы Вероника испан болгондуктан, "Энцо Франция эмес, Испания курама командасын тандайт" деген каңырыш бар. “Уулум кайсы мамлекетке ойноорун өзү тандайт. Негизгиси, ал Зидан деген фамилиянын артында чоң жоопкерчилик жатканын билет” дейт.
Зидан менен Верониканын Энцодон кийинки үч уулу тең “Реалдын” футбол академиясында окушат. Жубайы бий үйрөтүү боюнча адис. Учурда үй кожойкеси. Таланттуу балдарга татыктуу тарбия берүүнүн аракетинде. Зиданды ар тараптан колдойт.

“ЗИДАН – УЛУУ АРТИСТ”

"Франция курама командасында мен кийген 10-номердеги футболка Зиданга тийгенине ыраазымын. Менден “ал сендей болуп ФИФА версиясы боюнча Дүйнөнүн үч жолку мыкты футболчусу боло алабы?” деп сурашкан. Мен "Зиданга өзүн көргөзүүгө мүмкүнчүлүк бергиле” дегем”. (Мишель Платини)

"Аны каралоо мүмкүн эмес. Ал – футболдогу улуу артист. Дайыма команданын кызыкчылыгын жеке кызыкчылыгынан жогору коёт". (Марчелло Липпи)

"Зидан – келечектеги оюнчунун прототиби. Ал, чынында, кемчиликсиз". (Валерий Лобановский)

Максат Кудайбердиев
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
Eric-81
2011-10-24 19:22:46
Менин эн жакшы коргон ойунчум Эиэу.
0
kyyalbek
2011-10-25 03:01:51
бедели бийик
0
maniyaso
2011-10-25 06:43:00
i like him with only two reosons. 1) he is muslim 2)he was born talanted and could use his skills!
0
Шаиста Шатманова
2011-10-25 10:46:02
Ошол чемпионатта француздардын ыйлаганы жаман болгон. Кумуш медальдарды моюндарынан жулуп салып, чопко отура калып ыйлашкан, жалко было.
0
murakg
2011-10-28 23:37:45
кичине кезде кумир тутчумун зиданды
0
№ 468, 21-27-октябрь, 2011
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан