2011-жылдын 16-октябрында “Тумар” радиосунда үн режиссёр болуп иштеген Жаныбек Айдаралиевди белгисиз бирөө сабап кеткен. Бул жигит ди-джей Алина Баженованын өмүрлүк жолдошу экенин да айта кетпесек болбостур. Учурда ал алган жарааттарынан улам Улуттук госпиталда эс-учун билбей жатат.
Бактылуу түгөйлөр мындан бир нече убакыт мурун эле ушул сүрөткө түшүшкөн экен.
АРАЧЫГА АЛТЫ ТАЯКПЫ?
Кырсык каш-кабактын ортосунда эмеспи. Мындай кырсык болорун ким билди дейсиз. Жаныбек ошол маалда Бишкек шаарындагы Токтогул жана Ж.Абдрахманов (мурунку Совет) көчөлөрүнүн кесилишиндеги "Мото" соода борборунда жайгашкан түнкү клубдагы жумушунан чыгып, такси күтүп отуруп калган. Ошол убакта жанында турган таксистти кимдир бирөө сабап жатканын көрүп, ажыратууга аракет кылган.
Өз көзү менен көргөндөрдүн айтымында, сабаган адам Жаныбектен эки эсе олбурлуу, зор денелүү, 25-30 жаштардагы "мырза" экен. Ал мас абалында Жаныбектин башына бир нече жолу ургандыктан, эсин жоготуп койгон. Аны ошол абалында кесиптеши “Мотонун” 5-кабатында жайгашкан “ВС” клубуна көтөрүп кирген. Себеби Жаныбек ал түнкү клубда ди-джей болуп да иштечү.
Кесиптеши Жаныбекти эсине келтирүү үчүн суу алып келгени чыгып кеткенде, тиги адам артынан барга барып, эси ооп жаткан адамдын башына дагы бир нече жолу урган. Ушул убакта окуя болгон жерге “Тез жардам” бригадасы келип калган. Коркунучту таптакыр унуткан неме көрүнөт, сабаган адам келип калган медицина кызматкерлерине да кол салыптыр.
“ЭСИ ООП ЖАТКАН АДАМДЫ САБАПТЫР”
Иштин чоо-жайын билмекке ооруканага барып, Жаныбек Айдаралиевдин келинчеги Айжан Кулибаевага (ди-джей Алина Баженова катары таанымал) жолугуп маалымат алдык. Ал окуяны төмөнкүчө баяндап берди:
– Жаныбек бармен болуп иштеген Латиф экөө такси күтүп отургучта отуруп калышыптыр. Бир убакта өзүнөн эки эсе чоң жигит таксистке барып, шашкасын, рациясын сындырып, асыла баштаптыр. Анан Жаныбек жаңжалдашып жаткандарды ажыратууга аракет кылыптыр. Тиги “сен эмне кыйынсыңбы? Жүрү, четке чыгып сүйлөшөлү” деп сөгүп, сабап салыптыр. Жаныбектин жанында жүргөн Латиф такси кармоо үчүнбү же башка себептер мененби, бир жакка басып кеткен экен. Ал келип, эси ооп жаткан Жаныбекти клубга көтөрүп чыгып, "Тез жардам" чакырыптыр.
Ошол убакта соода борборуна кире бериштеги күзөт кызматчысы да, клубдун ичиндеги күзөт кызматчысы да өз ордунда болгон. Андан сырткары клубдун ичинде башка адамдар да бар экен. Латиф Жаныбекти клубдун ичиндеги диванга жаткырып, суу алып келгени чыгып кетет. Ошол убакта сабаган адам күзөт кызматкеринин жанынан эч тоскоолдуксуз 5-кабатка чыгып, клубдун күзөт кызматкеринин жанынан өтүп клубга кирип, эс-учун жоготуп жаткан Жаныбектин башына дагы муштаптыр. Мунун баары камерага тартылып калган экен, биз аны кийин барып көрдүк.
Ошол убакта “Тез жардам” келип калып, тиги кишинин “Тез жардамдын” кызматкерлерине да кол салганы камерага тартылып калыптыр. Андан кийин гана ал “Мото” борборунан тоскоолдуксуз чыгып кеткен. Аны коопсуздук кызматкерлери токтотууга да жараган эмес. Угушумда, ал адамды алар таанышат экен. Менин билишимче, анын аты – Максат.
Жаныбекти өзүнө келтириш үчүн үстүнө суу куюшкан. Ошондуктан үстү бүт суу болуп, үшүп калыптыр. Ооруканага келгенибизде врачтар рентгенге салып көрүшүп, сөөктүн эч нерсе болбогонун, толук текшерип көрүү үчүн томографияга алып баруу керектигин айтышты. Томографияга тартуу 2500 сом экен, жанымда анча акча жок болгондуктан, Жаныбекти үйгө алып келдик. Эртең менен гана томографиядан өткөрүп, сүрөтүн врачка алып келсем, “абалы кандай?” деп кайра менден сурайт. Врач болгондон кийин сүрөткө карап деле билсе болот эле. Абалы кыйындап жатканын айткандан кийин гана “бул жакка алып кел” деп жиберди. Үйгө келсем, Жаныбек эс-учун билбей жатыптыр. “Тез жардам” чакырсам, алар кайра бул ооруканага алып келишти. Ооруканада да шалаакылык кылышып, аты-жөнүн сурап, антип-минтип отуруп бир саатка жакын убакытты жөн эле өткөрүп жиберишти. Жазып берген бөлүмү да 2-кабатта экен, жардам берген эч ким жок, өзүм жалгыз көтөрүп чыктым. Тергөөчү келип, “бул жакта киши кыйналып, комада жатат, эмне үчүн карабайсыңар?” дегенден кийин гана врачтар кыймылдай башташты.
Биз алгач ооруканага келгенде эле тезинен жардам көрсөтүшсө, айыгып кетмектир. Кабыл алуучу жерине келип, “карап койгулачы?!”, томографияга келип, “тартып койгулачы?!” деп жалдыраш керек экен буларга. Ал эми милиция болсо кылмыш ишин бүгүн эле ачыптыр, күбөлөрдү сурап жатышат. Мага бир номерлерден белгисиз бирөөлөр телефон чалып, үйүбүздүн дарегин сурашты. Ал эми кечээ мен тааныбаган үч жигит Мерседес автоунаасы менен ооруканага келип, “биз Жаныбектин достору болобуз” деп реанимацияга киргенге аракет кылышты эле, дарыгерлер киргизбей коюшту. Үйдүн дарегин сурап чалган адамдардын телефон номери жана "досу болобуз" деп келген белгисиз адамдардын автоунаасынын номери да жазылуу. Андан кийинки түнү да “биз Улуттук коопсуздук кызматынанбыз, бул ишти өзүбүздүн көзөмөлгө алабыз” деп эки жигит келди. Алар да киргенге аракет кылышып, кире албай кетишти.
Ал эми Жаныбек болушкан таксистке акча берип коюшкан экен, милицияга жазган арызын кайра алып алыптыр. Ал бизге кандай оор болуп жатканын, өзүнүн кызыкчылыгы үчүн аны токмоктон ажыратып, өзү токмок жеп калган Жаныбекти да түшүнбөй жатат. Ошол жерде карап турган адамдарга да таң калам, 102 телефонуна чалып милиция чакырып коюшпаптыр.
Улуттук госпиталдын нейротравматология бөлүмүнүн башчысы Ташыкулов Мэлсбек Амиракулович Жаныбек Айдаралиевдин абалы оор экендигин, андан башка маалымат бере албастыгын айтып кутулду.
“ЧЫГЫМДЫ ТӨЛӨП БЕРДИ ЭЛЕ, ЖАЗГАН АРЫЗЫМДЫ АЛДЫМ”
Ызы-чуунун башкы каарманы болгон таксист Талгат Жумабековго да жолуктук.
– 16-октябрда таңкы алтыларда “Мотонун” алдында турсам, бир мас жигит келип, "Кызыл-Аскерге жеткир" деди. Анын мас экенин көрүп, “кардарым бар, мен азыр кетем” дедим. Жинденип, сөгүнүп-сагынып баштады эле, мен автоунаадан сыртка чыктым. Ал рацияны көтөрө чыгып, антеннасын талкалап, алдыңкы терезени чабайын дегенде колунан кармап калдым. Рациянын антеннасын жулуп, “Такси” деген шашканы жерге чаап салды. Милицияга телефон чалайын деп карасам, телефонумдун батарейкасы отуруп калыптыр. Анан Абдрахманов көчөсү жакка чуркап кеттим. Келсем, ызы-чуу болуп калыптыр. Милицияга ал жигиттин үстүнөн менден башка эч ким арыз жазбаптыр. Мага ал баланын тааныштары келип материалдык чыгымды төлөп беришти, ошондуктан арызымды алдым. Мага көп эле адам жардам берип жаткан, токмок жеген кимиси экенин билбейм.
“Мото” соода борборуна барып күзөт кызматынын ошол түнү иштеген кызматкерлерин сураштырсак, алар эртең менен нөөмөттү өткөрүп берип, эс алганы кеткенин билдиришти. Ал эми күзөт кызматынын башчысы жумуш ордунда жок болуп чыкты.
Иш кандай жүрүп жатканын билүү үчүн Биринчи Май РИИБинин 7-шаардык бөлүмүнүн тергөө бөлүмчөсүнүн башчысы Тимур Мажиновдон сураганыбызда, ал кылмыш иши козголгонун, бирок тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн эч кандай маалымат бере албай тургандыгын билдирди. Ал эми таксисттин арыз жазып, кайра алганын билбегендигин жана ал таксист күбө катары сөзсүз сураларын да кошумчалады.
Азыр Жаныбек Айдаралиев Улуттук госпиталдын нейротравматологиясынын жандандыруу бөлүмүндө жатат. Томографиялык анализ жабырлануучунун мээсине куюлган кандын уюп (гематома) калгандыгын көрсөткөн. 17-октябрда баш сөөгүнө трепанация (операция жасоо үчүн баш сөөктү тешүү) кылынган.
Жаныбек – Кыргызстандын радио тармагындагы эң мыкты үн режиссёрлордун бири. Мына ушундай таланттуу жаш жигит ашкере гумандуулугунун айынан өлүм менен өмүрдүн ортосунда жатканы өкүндүрөт. Кантсе да кылмышкер колго түшөт жана жазасын алат деп ишенебиз. Таланттуу режиссёр айыгып, шайыр жубайы Айжандын жанына кайтышын тилейбиз.
Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg