Ырчы Силима Абдылдаева “бир арызым бар эле, гезитке кыстара кетейинчи” деп суранды. Байкаштырсак, Уркуя Салиеванын 100 жылдык мааракесине карата өткөрүлгөн сынак тууралуу экен. Бир сөз менен айтканда, кыргыздын таланттуу кызынын ошол ыр-сынактан соң таарыныч ой-пикири төмөндөгүдөй болду.
– Уюштуруу комитетинин «өтө жогорку деңгээлде өтөт, калыстар тобу эң адилеттүү чечим чыгарат» деген сөздөрүнө таянып, чоң ишеним менен барган элем.
Чүчү кулактын негизинде эстрада жанрынан биринчи болуп мен баштай турган болдум. Негизи, таймашка катыша тургандарга репетицияга убакыт бөлүнүп берилиш керек эле. Бул сынакта андай шарт түзүлгөн жок. Бул тууралуу уюштуруучулардан сураганымда «бүт катышуучулар репетициядан баш тартышты» деген жооп алдым. Андай болууга мүмкүн эмес эле. Анткени катышуучулар сынак башталгыча үн чыгаруучу аппаратуранын мүмкүнчүлүктөрүн угуп, микрофон, монитор деген техника каржаттарын сындап көрүшү зарыл.
Менин профессионалдык көз карашым боюнча, мыкты ырдаган кыздарга баалардын төмөн берилгени сезилди. Мисалы, дастанчы, ырчы Мээрим Карыповага чынында эле төмөн баллдар коюлду. Башкаларга караганда, Мээримдин аткаруучулук деңгээлинин жогору тургандыгын музыкалык түшүнүгү бар адамдар билишсе керек. Көпчүлүк “звездалардын” атайын музыкалык билимдери жок. Ошол көрүнүш бул сынакта да көрүнүп турду. Популизм менен профессионалдуулуктун айырмасы асман менен жердей. Мен өзүмдү профессионал ырчымын деп эсептейм.
Фольклор бөлүмү аяктаганда эстрада бөлүмүнө үн чыгаруу ыкмалары башкача түздөлүшү керек эле. Бирок үн режиссёрлор аны орду менен жасаганга убактысы жетпеди да, мен ырдай баштаганда ары-бери түздөй башташты. Анан, албетте, менин аткаруучулук мүмкүнчүлүктөрүм техникалык себептерге байланыштуу туура тартууланган жок. Анысына карабай “Алымкан” деген ырымды аягына чейин өз нугу менен аткардым. Калыстар тобу өз бааларын бергенде өтө таң калдым. Анткени алар баалагандай анчалык төмөн аткарган деле жокмун.
Бул ырды мен Казакстанда өткөн “Шабыт” Эл аралык чоң сынагында да аткарып, 30дан ашуун өлкөлөрдүн арасынан Кыргызстандын атынан барып лауреат болуп келгем. Анан эле аткаруучулук деңгээли меникинен эч бир жогору эмес ырчы кыздарыбызга калыстар тобу сүйлөшүп алгандай болуп эң жогорку бааларды коюп беришти. Көрсө, бул баалар күн мурунтан эле сүйлөшүлүп, болбогон акчага жана бир чыны шорпого сатылып кеткен экен да. Биздин атактуу калыстар тобунун кээ бир мүчөлөрү байгелердин ээлерин бөлүштүрүп койгондугу өтө өкүнүчтүү болуп калды.
Деңгээли ушунчалык төмөн болгон ыр-сынакка катышпай деле койсом болмок. Мындай болорун ким билиптир? Албетте, окурман ойлошу мүмкүн, байгелүү орунга жетпей, ич күйдүлүк кылып жатат деп. Жок, андан менин чыгармачылыгым аксап же төмөндөп кетпейт. Болгону, ушундай руханий байлыгыбызга арналган иш-чарага ыплас мамиле кылуу эч жарашпай турганын билдиргим келди. Уркуя апабыздын элесин анчалык булгабаш керек эле.
Аттуу-баштуу, чыгармачылыкта өз ордун таап келген белгилүү эжекелерибиз мага болгон жеке мамилелерин мени «же кыргыз эмес, же орус эмес» деген дискриминациялуу сөздөрүн ичтерине тереңирээк катып, «чыныгы бийик чыгармачылык» деген түшүнүктү билбесе, билип, өз чыгармачылыктарын дагы да өстүрүп, ырдаганды жакшы үйрөнүп алышса деген каалоо-тилегимди айтар элем.
P.S. Эскерте кетсек, аталган сынактын калыстар тобунда Гүлнур Сатылганова, Улукмырза Полотов, Каныкей Эралиева, Гүлнара Кахарова, Асел Турдалиева, Алина Жетигенова жана Айбек Карымов бар болчу.
Венера Кабакбек кызы
star@super.kg