Негизи эле радиодо иштеген ди-джей аттуулардын көбү ырчы же продюсер болууну адатка айландырышты. Алардан кем калбай бир кезде Гүлназ Бакир кызы да созуп калды эле “сагындым сени...” деп. Окуусун аяктап, эми кайрадан ырчылыктан өзүн сынап көрмөкчү болуп жаткан экен. “Агайым Улукмырза Полотов да жолуккан сайын турмушка чык же ырдап чык деп урушуп калат. Андыктан комуз черткенди да үйрөнүп, элге ырларым сиңген ырчы болууну көздөп турам”,- дейт Гүлназ.
Эмне дейбиз, анча-мынча кыңылдап ырдаган ырчымын дегендерге караганда уккулуктуу үнү бар ди-джейлер ырчы болсо боло берет. Анан да радио колунда, каалаган учурда ырын үч тегеретип болсо да хит кылып алат.