«Жоролор» тобу, Аскат Мусабеков жана Аваз Акимов учурда Токтогулда үгүт иштери менен концерт берип жүрүшкөн кези. Ырчылар 17-октябрь күнү кечинде тойго бармакчы болуп жолго чыгышып, жолдун тардыгына байланыштуу чөп жүктөгөн ЗИЛ машинасы менен жол талашып калышкан. Аргасыз токтошсо, ичинен 5-6 бала чыгып ырчы жигиттерге тийишип, «кол салышкан».
«Жоролордун» чоңу Жылдызбектин жини келип кеткенби, бирөөсүн муунтуп коё жаздаптыр. Анда тиги тараптагылар машинасынан айры алып чыгып, «саябыз» дешип, айтор, бир топ ызы-чуу болуптур. Ошол жерден ырчылар милиция кызматкерлерин чакырышкан. Суракка барганда анан тигилер “ой, булар куудул, ырчылар го?..” деп чочуп, кечирим сурап жолун улашыптыр.