«Өз үйүм – өлөң төшөгүм» деген сөз эми бизге да тиешелүү» деп эле кубанып жаткан чактары ырчылар Айчүрөк Султанова менен Эмил Балтагуловдун. Анткени Эмил буга чейин үй-бүлөсү менен батирден батирге көчүп жашап келген болсо, эми Чүйдүн Шопоков шаарчасынан үч бөлмөлүү үйлүү болду. Ал эми “Достор” тобунун солисти Айчүрөк Султанова Бишкектеги Ак-Өргөө конушуна эки кабаттуу там салып бүтүрдү. Эки ырчыга конуш жайлуу болсун демекчибиз.