Бир бүркүм... А.АКАЕВ, К.БАКИЕВ «ЭКС-ПРЕЗИДЕНТ» СТАТУСУНАН АЖЫРАТЫЛСЫН...

  • “Учурда Ош шаарында жашап, бирок башка жактан келген аялдардын 65 пайызы ажырашкан”,- деп акыйкатчы Турсунбек Акун айтты.
  • Оштун мэриясы шаарга жол чырактарды орнотуу жана тийиштүү белгилерди коюу үчүн 196 миң доллар бөлөт.
  • Аскар Акаевдин жана Курманбек Бакиевдин “экс-президент” деген статусун алып салуу керек”,- деген сунушту Өмүрбек Текебаев киргизди.
  • Каржы министрлигинин маалыматына ылайык, эгерде мамлекет “Мегаком” компаниясынын 49 пайыз акциясын сата албай калса, анда өз чыгымдарын кыскартат. Анткени бюджетке 4,5 миллиард сом аны сатуудан түшөт деп киргизилген.
  • Кыргызстан 9 айдын ичинде 67 миллиард сомго бааланган 14,2 тонна алтынды өндүрдү.
  • 2011-жылы Коомдук телерадиокорпорациянын “Кыргызтелеком” ачык акционердик коомуна болгон карызы 48 миллион сомду түздү.
  • 96 эл аралык байкоочу президенттик шайлоого катышуу үчүн БШКнын каттоосунан өттү.
  • Кыргызстан, Орусия, Украина, Беларусь, Казакстан, Армения, Молдова жана Тажикстан эркин соода аймагын түзүү боюнча келишимге кол койду. Анын негизинде КМШ өлкөлөрүнүн ичинде экспорттук жана импорттук төлөмдөр алынып салынат.
  • “Кыргызпочтасынын” кызматкерлери 10-августта акча ташыган унаага кол салуу болгондуктан, эки айдан бери айлык акы албай иштешүүдө.
  • Кыргызстанда жогорку окуу жайды аяктагандардын 70 пайызы жумушсуз экенин эксперт Самарбек Сыргабаев айтты.
  • “Бир дагы депутат аларга берилген кызматтык унаа, үй, бензин, кошумча жардамчылардан баш тартуу боюнча арыз жазган эмес”,- деди спикер Ахматбек Келдибеков.
  • Акыркы убакта эски үлгүдөгү 200 сомдук валюталар жасалма түрүндө көп чыгып жатканын, ошондуктан жарыкка салганда көрүнө турган Алыкул Осмоновдун жана жалтырак менен жазылган 200 санына көңүл буруу керектигин Улуттук банк эскертет.
  • “Биз элге 2 пайыздык ипотекалык насыя бере албайбыз, анткени мамлекет өзү “Центерра Голд” компаниясындагы акцияларын күрөөгө коюп, жогорку пайыздагы кредит алат”,- деп маалымдады премьер-министрдин милдетин аткаруучу Өмүрбек Бабанов.
  • Жогорку Кеңеш 2012-жылды Үй-бүлө, тынчтык жана макулдашуунун жылы деп жарыялады.
  • “Чакан ГЭС” ААКсынын 100 пайыздык акциясы сатыкка коюлуп, анын баштапкы баасы 1 миллиард 338 миллион сомду түзүүдө.
  • Жалал-Абад облусунан 9 айдын ичинде 82 миң тургун иштеп акча табуу үчүн чет өлкөлөргө чыгып кеткен.
  • "Өлкөдө аты-жөнү окшош 120 миң адам бар",- деди БШКнын төрагасы Туйгунаалы Абдраимов.
  • «Талас Коппер Голд» ишканасынын чалгындоо лагерине 8-октябрда кол салган адамдар жоопко тартылат”,- деп вице-премьер Шамиль Атаханов билдирди. Эске салсак, 8-октябрда Талас районунун Арал айылында жайгашкан «Талас Коппер Голд» ишканасынын геологиялык-чалгындоо лагерине 8 атчан кол салган. Анда лагердин коопсуздук кызматынын башчысы, белгилүү кикбоксчу Канатбек Сыдыгалиевдин агасы Таалай Сыдыгалиев аёосуз ур-токмокко алынган эле.

Турдугүл Каримова
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
Myskal86
2011-10-25 15:47:00
Текебаев туптуура сунуштап жатат,олкого сыяндан башка пайда кылбаган президенттерге кол тийбестикти неге беришет эле?
0
polotova8500
2011-10-25 19:43:02
Текебаевди кечке эле жаза беришетда ушу кишиден алергям бар бир карасан кызы бир карасанан аялы и озу кайда болсо кыпчылат!
0
kekare
2011-10-28 10:21:10
Текебаевке эмне жок баарын кылып кыл жип м-н бууп коюп билмексен болуп отурганын. Акаевден айлансын
акаевдей кишини Кыргыз эли таппайт го эми.
0
kekare
2011-10-28 10:54:53
ОК
0
№ 468, 21-27-октябрь, 2011
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан