“Быйылкы жылдын 24-октябрында маркум журналист Алишер Саиповдун каза болгонуна 4 жыл толот. Кылмыштын артында тургандарды табуу боюнча далай убадалар берилгенине карабастан, ушул күнгө чейин башка медиа кызматкерлерге жасалган кылмыштар менен чогуу иш изилденип, жыйынтык чыкпай келет” деген кайрылуу менен өлкөдөгү журналисттер коомчулугу, түрдүү уюмдар жана укук коргоо мекемелери чыгышты.
Андыктан алар ЖМКга каршы жасалган бардык кылмыштарды иликтеп, аягына чыгарууга чакырышат. Ошондой эле 24-октябрь күнү Геннадий Павлюктун эстелигинин жанында Алишер Саипов менен Геннадий Павлюкту бир мүнөттүк эскерүү менен 24-октябрды Кыргызстандагы сөз эркиндиги үчүн күрөш күнү деп жарыялоону сунушташып, президентке, ЖКнын төрагасына кайрылуу жолдошту.