Талас облусунун ушул эле аталыштагы районунун акими жарды катары жөлөк пул алып жүргөнүн Социалдык коргоо министри Айгүл Рыскулова билдирди. Анын айтымында, учурда кээ бир адамдар жооптуу кызматтарда отуруп, жакшы маяна алганына карабастан, мамлекеттен жөлөк пул алышат. Талас районунун акимине жөлөк пул бөлүп берип жаткан социалдык кызматкердин иштен айдалганын да кошумчалады министр айым. Муну уккан өкмөт башчынын милдетин аткаруучу Өмүрбек Бабанов райондун акими буга чейин алып келген жөлөк пулду мамлекетке кайра төлөп берүүсүн талап кылды.