5-каналдын тагдыры чечилбей, президент Роза Отунбаева каналды парламенттик кылууга эки жолу макул болбогон соң кайра-кайра ажого кайрылгандан тажаштыбы, айтор, Жогорку Кеңештин төрагасы Ахматбек Келдибеков өзү эле тиешелүү мыйзамга кол коюп салды. Ошентип, 5-каналды төраганын колу менен парламенттик канал кылышты. “Аны парламенттик канал кылган соң мамлекет каржылаш керек, анткени учурда анын каржы булагы жок. Бюджет ансыз да дефицитке кабылып отурат” деген мамлекет башчынын сөзү суу кечпей калды. Төрага 5-каналды парламенттик каналга айландыруу боюнча мыйзамга кол койгондон тарта ал мыйзам күчүнө кирери айтылды.
Маалымат үчүн: 5-канал 2010-жылдын 20-майында улутташтырылган. Учурда каналдын “Кыргызтелекомго” 27 миллион сом карызы бар.