Бишкектин мэри Иса Өмүркуловдун уулу Азамат Исаевдин айынан жол кырсыгында каза тапкан Талгар Турдукеев жана Жайнак Мурат уулунун ата-энеси сотко берген арызын кайтарып алышты. Медициналык экспертизанын жыйынтыгынын негизинде набыт болгондордун өлүмүнө Азамат Исаев күнөөлүү деп табылган.
Учурда мэрдин баласына каршы ошол жол кырсыгында жан берген Алтынай Турусбекованын ата-энесинин арызы калды. Эске салсак, 15-августта Бишкек-Торугарт автожолунда Азамат Исаев айдаган Toyota Land Cruiser Audi унаасын сүзүп, үч жаш адам каза тапкан болчу.