УКМКнын башчысы Кеңешбек Дүйшөбаев экс-президент Курманбек Бакиевдин жана анын туугандарынын кай жерлерде баш паанек тапкандыгы тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, алардын кайда экендигин аныктоо боюнча 12 өлкөгө сурак жөнөтүлгөн. Жооптор алигиче жок. Ошентип, УКМКнын оперативдүү маалыматтарына ылайык, Курманбек Бакиев Беларустун мамлекеттик резиденциясында күн өткөрүп, “саясий качкын” деген статусу менен мамлекеттик коргоого алынган. Анын жанында эле бир тууган иниси Жаныбек Бакиев жашайт. Өзүнүн иштери менен кээде Түркия менен Тажикстанга барып турат. Ал эми уулдары Марат Бакиев бирде Казакстанда, бирде Беларуста байкалса, Максим Бакиев “качкын” деген статус менен Улуу Британияда жүрөт.