– Уулум Алтынбек 5-класста окуйт. “Башым ооруп жатат, ичим ооруп жатат” деген шылтоолорду айтып, сабагын көп калтырчу болду.
Ал гана эмес, жалаң “4” жана “5” деген бааларга окуган баламдын күндөлүгүндө “3”, “2” да пайда болууда. “Эмне начарлап кеттиң? Сага эмне жетишпейт, баары жетиштүү го?” деп урушсам, унчукпай кутулат. Класс жетекчиси мени чакырып, уулумдун окуусу начарлап баратканын, сабактарга кааласа катышып, каалабаса качып кете турганын айтты. Түшүнө албай жатам. Бала кандай учурда сабактан качат? Анын окууга болгон мамилесин кантип өзгөртсө болот? Ушул суроолорго жооп күтөм.
Мээрим, 32 жашта, Таш-Көмүр шаары.
– Мээрим, сиздикиндей маселеге тушуккан ата-энелер четтен чыгат. Себеби учурда жогорку класстын гана эмес, башталгыч класстын окуучуларынын, өзгөчө эркек балдардын мектепке баруудан баш тартуусу көп кездешүүдө. Катыңызды окугандан кийин “бала кандай үйдө тарбияланат? Бош убактысында эмне кылат?” деген сыяктуу суроолор пайда болду. Ошентсе да сиздин “бала сабактан эмне үчүн качат?” деген сурооңузга жооп берейин.
Биринчиден, классташтары менен келише албагандыгынан же мугалиминин жакшы көңүл бурбай коюусунан улам бала чүнчүп, мектепке баргысы келбей калат. Бала ушундай жагдайга туш болуп калганын билсеңиз, мугалимине жолугуп, бул тууралуу ачык сүйлөшүңүз. Эгер бала арткы партада отурса, алдыңкы партага жылдыруусун өтүнүңүз.
Экинчиден, учурда окуучулар арасында рэкетчилик деген нерсе өнүккөн. Балким, уулуңузга жогорку класстын балдары салык салып жаткандыр. Бул жагын да изилдеп көрүңүз. Эркек балдардын көпчүлүгү жеке маселелерин ата-энесине айтышпай, “өзүм чечип алам, аларды беймаза кылбай же арызданды деп шылдыңдашат” деген ойдо жашырып жүрө беришет. Мындай учурда бала өзүн коргоп алчу ата-энеси, жакындары бар экенин биле жүрүшү шарт.
Үчүнчүдөн, буга чейин эң жакшы окуп келген бала үчүн күтүлбөстүктөн “2” алуу жаман таасирин тийгизиши мүмкүн. Эгер балаңыз төмөн баа алып келсе, катуу жемелебеңиз. Андан көрө кайсы сабактан жетишпесе, репетитор жалдайсызбы же өзүңүз жардам бересизби, айтор, баланын ошол сабакты батыраак өздөштүрүүсүнө жардам бериңиз.
Төртүнчү себеби, көпчүлүк ата-энелер “балам жашынан көп нерсеге жетишсин” деп сабактан кийин бала кызыгабы, кызыкпайбы, зордоп бир нече ийримдерге жаздырып коюшат. Сабактан чыгып ийримге, ал жактан келип тапшырманы даярдамай. Мындай ашыкча талаптардан улам бала чарчайт. Андыктан баланын эс алуусуна да убакыт бөлүүнү унутпаңыз. Эгер “чарчадым” десе, анда 1-2 күн эс алууга убакыт бериңиз. Бул убакытта ал өзүнө энергия топтой алат.
Бешинчи себеби, баланын сабакка көңүл чаппоосу, калтыруусу үй-бүлөлүк жашоого, андагы келишпестиктерге, чыр-чатактарга, ажырашууга жана үй-бүлө мүчөлөрүнүн ичимдик ичүүсүнө да байланыштуу. Андыктан баланын көзүнчө мындай жаман адаттарга баруудан, чырлашуудан алыс болуңуздар.
Мындан сырткары баланы мектепке узатып жатканда жана тосуп алганда капа тартып турсаңыз да жакшы маанай менен жылмайып тосуп алып, коштошуп жүрүңүз. Мындан сырткары ага анын башталгыч классындагы жана өзүңүздүн окуучулук кезиңиздеги кызыктуу окуялардан айта жүрүүнү унутпаңыз.
Урматтуу Мээрим, бул кеңештерди окугандан кийин уулуңуз менен кенен отуруп сүйлөшүп, анын сабактан качуусунун себебин билип, туура жыйынтык чыгарасыз деген ойдомун.
Бул суроого “Paradise Sun” психологиялык борборунун психологу Гүлай Акбутина жооп берди.
Жашоодо ар кандай учурлар болот. Кимдир бирөө сүйгөнүнөн айрылып жанын кыйгысы келсе, айрымдар “кимди тандоо керек?”, “эмне кылам?” деген дилеммага такалат. Мына ошондой түйүндүү суроолордун жообун тапкыңыз келсе, биздин гезитке кайрылыңыз. “Психологдун кеңеши” рубрикабыз сиздер менен бирге иш алып бармакчы. Суроолорду (0312) 32-33-27 номери аркылуу берсеңиз болот.
Дамира Арстанова
kenesh@super.kg