Франция
СУУДА СҮЗГӨН БАКЧА
Франциянын Винсен Кальбо атындагы архитектура жана дизайн компаниясы киттин формасындагы “Фисалия” кемесин колдонууга берди. Анын артыкчылыгы – акыркы заманбап ыкмада мыкты дизайн менен жасалгалангандыгында. Башкача айтканда, кеменин үстүңкү бетинде түрдүү өсүмдүктөр өстүрүлгөн. Андыктан аны сууда сүзгөн бакча десек жарашчудай. Эми бул кеме дүйнөлүк океандарга көрк берип гана сүзүп жүрбөстөн, океандагы кир сууну чыпкалап тазалайт.
Египет
17 ЖАҢЫ ПИРАМИДА ТАБЫЛДЫ
Америкалыктар спутник аркылуу космостон тартылган сүрөттөрдүн натыйжасында Египетте буга чейин белгисиз 17 пирамида бар экендигин айтышты. Спутниктеги атайын аппараттар жер алдындагы катмарды да көрө билүүсү менен өзгөчөлөнөт. “Египетте табылган 17 пирамида – XXI кылымдын ачылышы”,- деп белгилейт изилдөө иштеринин жетекчиси Сара Паркак. Азыркы учурда бул пирамидаларды археологдор кылдат изилдөөгө киришти.
Англия
ТОРПОКТОР ШАЙЛООГО БАРАБЫ?
Аглиянын Ньюмаркет шаарынын тургуну Бренда Гулд өзүнүн кылык-жоругу менен элди экинчи ирет таң калтырды. Ал жергиликтүү шайлоодо өзү каалаган талапкер жеңсе экен деп өзүнүн малын да шайлоочулардын тизмесине каттатууга аракет кылган. Биринчи жолу букасын, уюн жана итин шайлоочулардын тизмесине кошууга аракет кылса, бул ирет англиялык айым эки торпогун кошкусу келген. Бирок анын ойлогон оюн таш каап, сот Брендага 189 доллар айып салган. Бренда жолдошу экөө “бул жөн гана тамаша болчу” деп актанышууда.
Канада
11 ЖЫЛДА ДҮЙНӨНҮ ЖӨӨ КЫДЫРЫП ЧЫКТЫ
2000-жылдын август айында канадалык Жан Беливо эң керектүү буюмдарын кичинекей кол арабага салып, дүйнөнү кыдырганга аттанган. 11 жылдын ичинде Жан 65 өлкөнү кыдырып, 6 чөлдү, бир нече ашууларды ашып, анан чыр-чатактар менен аскерий кагылышуулар өкүм сүргөн аймактарды да басып өткөн. Бул убакыт ичинде ал 49 бут кийим жыртып, күнүнө 35-40 чакырым аралыкты басып өтүп турган.
Азамат Абдраев
koom@super.kg