ТҮШҮМДҮ САКТООНУН ЖОЛДОРУ

Жай бою аракет кылып өстүрүп, жыйнап алган түшүмүңүздөр мол болсун! Түшүмдү жыйнап коюу эле кышкыга толук кам боло албас. Жашылча-жемиштерди туура сактай билүү керек. Аларды узак мөөнөткө сактоонун жолдору тууралуу кеп козгомокчубуз.

КАРТОШКА
Картошкаңыз жазга чейин жетсин десеңиз, ал сакталуучу жайды туура камдап алууңуз керек. Эгер сиз жер тамда жашасаңыз, анда жер төлөдө же ороодо сактаганыңыз туура.
Ороо – 1-2 метр тереңдикте казылган оюк. Анын ооз жагы кууш, түбү кененирээк болот. Үстүнөн суу өтпөгөндөй темир менен жабылып, анын үстүнө саман, анан топурак төгүлүп коюлат. Ороого салардан мурда картошканы кургак жана күн тийбеген жерде кургатып алыңыз. Андан кийин сорттоп, үрөндүк картошканы 5-10 күн күнгө жаюу керек. Себеби бул процесстен пайда болгон уулуу зат – соланин (кабыгынын жашыл түскө келиши) курт-кумурскалардан сактайт. Бирок мындай картошка жегенге жараксыз!
Жер төлөнүн же ороонун температурасын картошканын сортуна карата ылайыктоо кажет. Мисалы, “Невский” сортундагы картошка 1-2, “Лорх”, “Сотка” сорттору 3-4 градуста сакталат. Ал эми аты аталбаган сорттор үчүн 2-4, үрөндүк картошкалар үчүн 1-3 градус туура келет. Ашыкча нымдуулуктан сактоо үчүн жер төлөгө же ороого акиташ салынган чака коюп койсоңуз болот. Ал нымды соруп алуу касиетине ээ. Андан тышкары шагыл, майда таштарды да төгүп коюңуз.
Сиз көп кабаттуу үйдө жашайсызбы? Анда картошканы көпчүлүк эле жашоочулар катары жер төлөдө сактайсыз. Бирок суу түтүктөрүнөн чыккан аба температураны жогорулатып жибериши мүмкүн. Андыктан бир чака муздак сууну такай коюп коюуну унутпаңыз. Ал эми аз өлчөмдөгү картошканы жыгач жашикке салып, балкондо сактасаңыз болот. Анын үстүнө кызыл кызылча тизип койсоңуз, ашыкча нымдуулукту соруп, картошканын узакка сакталышына кошумча шарт түзүлөт. Кыш чилдесинде үстүн жылуулап жаап коюуңуз кажет. Майда картошкалар чоң картошкаларга караганда көпкө сакталат. Андыктан чоң көлөмдөгү картошкаларды эртерээк тамакка колдонуңуз.
Балкону жана жер төлөсү жок үйдө жашасаңыз, анда картошканын узакка сакталуучу “Голубизна”, “Ласунак”, “Броницкий” сортторун тандаңыз. Аны бир аз ачылган терезенин түбүндө кармоо кажет. Өнүп кетпеши үчүн арасына жалбыздын кургак жалбырактарын салып коюңуз.

САБИЗ ЖАНА КЫЗЫЛ КЫЗЫЛЧА
Сабизди жана кызыл кызылчаны бир аз нымдуу кумдун арасына көөмп сактоо туура. Бирок көпчүлүк учурларда аларды картошкадай эле ороодо же жер төлөгө салышат. Алгач тазасын өзүнчө, чириктерин өзүнчө сорттоп алуу керек. Анткени чирик жашылча башкаларын бат эле чиритип жиберүү коркунучун жаратат. Андыктан таза жашылчаларды гана сактоону эске алыңыз.
Эскерте кетчү нерсе, сабиз менен кызыл кызылчанын сабагын түбүнөн кеспеңиз. Сабагынан 1,5-2 сантиметр калтырып кесүү аларга керектүү нымдуулукту соруп алуусуна жана соолубай узакка сакталышына жардам берет.

КАПУСТА
Капустаны сактоодо эң биринчи шарт – аны туура тандоо. Астыңкы жалбырактары кесилбеген, чириги жок таза капусталар гана көпкө чыдайт.
Эгер сиз жер тамда жашасаңыз, узундугу 1 метр, туурасы 1,5 метр болгон чуңкур казып, астына борпоң топурак төгүп, ага капусталарды тамыры менен жайгаштырыңыз. Андан соң үстүнө кургак топурактан төгүп, ороого суу кирбегендей кылып эки четинен арык казып коюңуз. Эгер шарттар туура аткарылса, капустаңыз жаздын аягына чейин касиетин жоготпой сакталат.
Ал эми көп кабаттуу үйдө жашасаңыз, капустанын сөңгөгүн түбүнө чейин кеспестен, 1-2 сантиметр калтырууңуз керек. Андан соң полиэтилен клеёнкасы менен (атайын жашылча оролуучу жабышчаак клеёнка) эки каттап ороп, муздак жерде сактоого болот.

ПОМИДОР
Помидорду көп убакытка сактоо өтө кыйын экени белгилүү. Бирок алардын жетилүү процессин 1-2 айга чейин узартуу толук мүмкүн. Ал үчүн жашиктин түбүнө кургак жыгач таарындысын салып, көк помидорлорду бир катар тизүү керек. Үстүнөн помидор көрүнбөй калганча кайра таарынды сээп, экинчи катарды тизесиз. Ушундай жол менен бир нече кабат кылып тизесиз.
Жашиктер салкын жерде турушу шарт. Керек маалда алдын ала жашикти жылуу жерге киргизип коюу керек. Анткени помидорлор жылуу жерде батыраак бышат.

АШКАБАК
Ашкабакты салкын жайда сактоо керек. Аны сактоодогу эң маанилүү шарт – бир турган ордунан козгобоо. Кабыгында тактар жана чириги жокторун тандап, кыймылдатпай тизип коюңуз. Жогорудагы негизги шарт аткарылган болсо, бөлмө температурасында да сактоого мүмкүн.

АЛМА
Сактоого кышкы жана кеч күзгү сорттогу алмалар ылайыктуу. Сактоо мөөнөтүнүн узактыгына алманын туура терилүүсү түз таасир этет. Алма бышып жетилгенде табиятынан сырты жука мом менен капталат. Мом бактерияга каршы мыкты зат болгондуктан, алманы чирип кетүүдөн сактай алат. Ошол себептен терип жатканда момду сүрүп албоого аракет жасоо керек. Ал үчүн чүпүрөк мээлей менен терип, дароо жашикке бирден жайгаштырыңыз.
Алмаларды жер төлөдө, балкондо сактоого болот. Алма ордунан канчалык аз козголсо, ошончолук көпкө сакталарын эсиңизден чыгарбаңыз.

ПИЯЗ ЖАНА САРЫМСАК
Пияз менен сарымсак бирдей шартта сакталат. Кургак жана чириги жок таза пияз менен сарымсактын сабактарын 3-4 сантиметр калтырып, калганын кыркып салыңыз. Андан соң тор мүшөккө салып, муздак жерге илип коюу шарт. Же болбосо сабагын кыркпастан өрүп, анан илсеңиз да болот. Аз өлчөмдөгү пияз жана сарымсакты муздаткычта полиэтилен баштыкчасында да сактоого толук мүмкүн. Эң негизги шарт – нымдан жана суудан коргоо.

Салтанат Мукасова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
nurlan82
2011-11-05 00:30:16
рахмат чоон! Эн керектуу кенеш!
0
nazgul.83
2011-11-09 02:26:40
мага да керек болчу рахмат чоооооооооооон
0
№ 469, 28-октябрь - 3-ноябрь, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан