Актёр Робин Уильямс 60 жашка чыкканда 47 жаштагы графикалык дизайнер Сюзан Шнайдер менен баш кошту. Голливуд жылдызы бул айым менен 2009-жылы ооруканага жатып калган кезде таанышкан. Ошол учурда Сюзан ага көп жардам берген. Актёрдун мурдагы эки никесинен 3 баласы бар.