Өткөн жумада гезит басууга берилерде бардык интернет булактарында “Франциянын президенти Николя Саркозиге жубайы Карла Бруни уул төрөп берди” деген маалымат тараган. Биз да бул жаңылыкты жарыялаганбыз. Көп өтпөй маалымат булактарына тактоо киргизилип, Бруни уул эмес, Жулия аттуу кыздуу болгону айтылды. Саркози “бул – биздин чоң жана жеке кубанычыбыз” дегенине караганда, көз тийбесин деп наристенин ким экенин жашырышкан өңдүү. Жулия – Бруни менен Саркозинин алгачкы кызы.