Мадоннанын бир тууган агасы – Энтони Чикконе агынан жарылды. “Карындашым – Мадонна мультимиллиардер болсо да, эмне үчүн мен көчөдө жашашым керек?” деген суроону өзүмө берип келем”,- дейт жылдыздын агасы. Ал бир жарым жылдан бери көчөдө жашайт. Мындан мурун Энтони “Мадонна” деген аталыштагы шарап сатып иштечү. Көп ичкендиги үчүн жумуштан чыгарып салышкан. Бул тууралуу Мадонна комментарий бере элек.