Беш мүнөткө дүкөнгө чыгып, ойго келбеген жерден оорукананын жандандыруу бөлүмүнө түшүп, майып болуп калууну эч ким каалабаса керек. Ден соолугунан айрылып, үч айдан бери дары менен жашап калган Айжан эже акыйкат таппай бизге кайрылды.
КЫРСЫКТЫН БАШЫ ПИЯЗБЫ?
Бул окуя 9-июль күнү Сокулук районундагы Черёмушка айылында, чак түштө болуп өткөн. Катуу ылдамдыкта келе жаткан Фольксваген Вента үлгүсүндөгү унаа жол боюнда бара жаткан Айжан эжени сүзүп, жабыркаган аялга жардам бербей окуя болгон жерден качып кеткен. Машинаны 22 жаштагы, немис улутундагы Шварц аттуу жигит мас абалында айдап бараткан экен. Оор жаракат алган эженин башына бир эмес, эки ирет оор операция жасалыптыр. Анын үстүнө мурунку жагымдуу жүзүнөн да айрылып калгандыктан, азыр жүзү пластикалык операцияга муктаж. Ал эми сүзүп кеткен жигит эч кандай жоопко тартыла элек. Иликтөө иштери болгону менен, эч кандай жыйынтык жок. Күнөөкөр адам Сокулуктагы заңгыраган хан сарайдай үйдө тынч уктап жатса, жабыркаган адам күнү-түнү онтоп, оору менен алышууда. Тиешелүү органдардын даремети жетпей жатабы же башка себептери барбы деп иликтөө жүргүзүүнү туура көрдүк.
Айжан Шайланбаева:
– Үй-бүлөмө эртең мененки чайын берип, кызымды окуусуна жөнөтүп, кичүү балам үйдө ойноп жаткан. Билинбей эле түш болуп калды. Манты жасайын десем пияз аз болгондугунан, жол боюндагы жашылча саткан дүкөнгө жөнөгөм. Пияз алып, жолдун бою менен үйдү көздөй келе жаттым эле. Бурулушка жетип калганда чоң ылдамдыктагы унаа учуп келип сүздү.
– Эсиңизге келгенде абалыңыз кандай эле?
– Алым жок, бутума турайын десем же денемди башкара албайм. Эч нерсени түшүнбөй делдирейм. Мени сатуучу апа жарым сааттан кийин гана көрдү, ага чейин үнүм да чыкпай алсырап жаттым. Мени көргөн апа кыйкырып, коңшумду чакырганы кетти. Коңшум экөө келип “Тез жардам” чакыртышты.
– Үйүңүздө кимдер бар эле, алар сизди издебептирби?
– Күйөөм тынчсызданып мага кечке чалып, эшикке улам чыгыптыр. Мени машина сүзгөндө телефонум колумдан учуп, чөптүн арасына түшүп калган экен. “Тез жардам” алып кеткенден кийин милиция келип, териштирип баштайт. Чачылып жаткан пиязды “кимдики?” деп сураганда сатуучу апа “меники” деп чогултуп кетиптир. Мени ооруканага алып кеткенден кийин гана баарын эстеп, анан “бир келин пияз алып кеткен” деп эки баланы чуркатып, үймө үй кыдыртып сураштырыптыр. Ошентип, ар бир үйдү такылдатып, “ким пияз алганга кетти эле, машина сүзүп кетти?!” деп айтышат. Ошентип, биздин үйгө бул кабар 3 саат өткөндөн кийин гана жетиптир.
– Башыңыздан катуу жаракат алган экенсиз...
– Баш сөөк сынып кеткен, бир эмес, эки операция жасалып, учурда башыма пластик салынган. Биринчи операциядан кийин башым былпылдак болуп калган. Колум менен кармаласам кирип кетчүдөй сезилчү. Бир нерсени ойлоп, кайгырганга да болбойт. 40 жашымда ушинтип калам деп ойлогон эмесмин. Ордуман жылбай эле жатам, тамак-ашка да аралаша албай калдым. Бетимден тамтык калбай, учурда тырык болуп калды.
Таалайбек Айманбетов, күйөөсү:
– Жубайымдын абалын өзүңүздөр көрдүңүздөр, дале оор. Сокулуктун РИИБинен иш такыр эле жылбай койду, анын үстүнө айдоочу Шварцты “сыртка чыкпайт” деген чечим менен ээн-эркин коё беришти. Иш оңунан чечилбестигин сезип, Чүй ИИБине арыз менен кайрылгам. Ал жактан “камакка алынсын” деген тыянак чыгарылган. Бирок камакка алынган жок. Шварцтын бизге болгон жардамы – Айжан жаңы операция болуп, абалы оор болуп жатканда мага эжеси Света “дарысына жумшаңыз” деп 100 доллар берген. Кийин “доктурга 10 миң сом бердик” деп чыкты. Бирок доктур “жок, эч кандай акча алган эмесмин” деди. Канча убакыттан бери “колго түшпөй жатат, качып жүрөт” деген шылтоолорду гана уга алдык. Бизге башында “арызыңарды кайтарып алгыла, 1000 доллар берели” деп сунушташкан. Мен буга макул болгон жокмун, анткени биринчи операцияда баш-аягы 130 миң сом каражат кетти, ал эми экинчи операцияга 35 миң сом короду. Бул каражаттын баарын тууган-урук, тааныш-билиштерден эптеп чогулттук. Жаңы жылдын алдында Айжандын бетине пластикалык операция жасатабыз, ага каражат кетет.
ЖЕЗДЕСИ “КРУТОЙ” ИМИШ...
Айдоочу жигит Владимир Шварц ошол эле айылда жашаарын угуп, ал жакты көздөй жөнөдүк. Үч кабаттуу тамдын короосундагы иттеринен коркуп, эшигине да бара албадык. Айлана-тегеректеги коңшуларынан сураштырдык. Алар “күйөөсү – араб, бандит деп жүрүшөт, аялы – немис, Света. Келинди сүзгөн бала – Владимир бир тууган иниси болот. Жигит дени сак, жакшынакай эле жүрөт” деген маалыматтарды айтып беришти. Бул иш боюнча Сокулук РИИБинин тергөөчүсү"Аймактан чыкпайт" деген чечим чыгарган. Кийин иш Чүй ОИИБине өткөрүлүп берилгендиктен, бул жакка да баш бактык.
Алмаз Кожомкулов, Чүй ОИИБинин тергөөчүсү:
– Чүй ОИИБине "Эч кандай натыйжа чыкпай жатат" деген арыз менен жабыркаган айымдын күйөөсү кайрылган болчу. Жигиттин мурун соттолбогону, туруктуу жашаган жайы бар болгондугу себеп болуп, Шварц “аймактан сыртка чыкпасын” деген чечим менен бошотулган экен. Биздин иликтөөбүз боюнча, Шварц мас абалында сүзүп, качып кеткен, муну көргөн күбөлөр да бар.
– Сиздер колго алгандан кийин кандай жылыш болуп жатат?
– Биз суракка чакырганда Владимир Шварц келбей койгон. Оперативдик топ баланын жашаган үйүнө барганда дубалдары 2 метр экен, эч ким чыгып жооп бербеди. Ошондо биз камакка алуу санкциясын бергенбиз. Ал ооруканага жатып калганын адвокаты айтты. Учурда Шварц расмий түрдө издөөдө жүрөт. Эгерде өзү келип же суракка катышпаса, күч менен болсо да жоопко тартууга аргасыз болобуз.
Бектур Жумагулов, Шварцтын адвокаты:
– Владимирдин эжеси жабыркаган айым ооруканага түшкөндө акча бергенин айткан. Андан кийин 1000 доллар сунушташкан, бирок жабыркоочулар ага макул болбоду. “Камакка алынсын” деген тыянак чыгарылган, бирок Владимир колун сындырып алып, ириңдеп кеткендиктен, ооруканага жатып чыкты. Владимир эч жакка качпай эле дарыланып жүрөт. Ал күнү эжесинин унаасын айдап баратып, анын үйүндө иштеп кеткен Марат аттуу мырзага жолдон жолугуп калат. Ал дагы машинага отурат. Тиги жигит мас абалда экен, Владимирден карызын доолап, экөө уруша кетет. Экөө машинадан мушташып, Марат Владимирди жакалап өзүнө тарта баштайт, ал учурда рулду эч ким башкарбай кырсык болгон. Владимир эч жакта иштебейт, ал нерсе да эске алынышы керек. Жабыркаган айымдын операция жана дарыланууга кеткен чыгымын акырындап төлөп берүүгө даяр.
Мальвина Уметбекова
koom@super.kg