ЖЫЛАҢАЧ КЛИПТЕР ЖАШТАРГА ЖАГАБЫ?

“Этеги жок, жеңи жок кийим чыгар,
Акча кагаз пул болуп, тыйын чыгар...” Калыгул Бай уулу

“Этеги жок, жеңи жок кийим чыкты,
Кыз-жигитиң өбүшүп клип чыкты...” Толик Сынчы

АЛГЫ СӨЗДҮН ОРДУНА
Эми мындай, окурманым, жогоруда Калыгул Бай уулунун ыр саптарынан мисал келтирдим. Муну окуган клип ээлери “ий, жаман, өзүн Калыгулга теңеп алыптыр” дешери да бештен белгилүү. Андыктан алгы сөздү азыркы заманга салыштырып жаза койгонум болбосо, менде ойчул болуп кетүү ой деле жок.
Айлар айланып, жылдар жылып отуруп доорлор өттү, заман өзгөрдү. Кесиптешим Астра Айдарова айтмакчы, кыргыздын киносунда “туздуу” делген эрокадрлар кездешет, а клиптердечи? Албетте, тасмадан айырмаланып, клипте дырдай жылаңач болбосо да жамбаш-төшү көрүнгөн, тоодактай болуп кийинген кыздар клипке көп тартылууда. Чынында, азыр аталчу клиптерди чыныгы эротика деп айтуудан алыспыз, өбүшүп-жытташуу сыяктуу кадрларды камтый турганын айтайын. Ачык тартылып, тарттыргандан уялбаса, аны чымчый койгон бизде айып эместир.

БЕКА, “ГЛАМУРНАЯ ЖИЗНЬ”
Сагындым, сагындым” деп ырдаган Бека аттуу ырчыны билгендер болсо, “Гламурная жизнь” деп аталган ырынын клибин көргөнсүңөр. Америкалык 50 cent деген рэперди жолго таштайт Бекаңар. Ишенбейсиңерби, жогорудагы клипти көрсөңөр, ырдын сөзүнө жараша эле тартылган. Ич кийимди, купальникти, тамеки, шарапты бекер жарнамалап бер десе деле болчудай экен, бул ырчыга. Анткени аталган клипте дал ошондой кадрлар камтылган. Купальникчен кыздар көйкөлүп, жамбашын ары чайкап, бери чайкап басышат, акырында Беканын бетинен өбүшөт. Иши кылса, азыркы жаштар ушундай, жашоо керемет, казино, тамекини мына ушундай тартат дегендей эле маани берилген окшойт.

АРСЕН, “ЭСИМДЕ”
“Жаңы толкун” фестивалына баргычакты бул жигитти “кандай клип тартат, эмне жөнүндө ырдайт?” деп кызыгуу жаратпаган көрөрман, окурмандар да кездешчү. Юрмаладагы фестивалдан соң ажо айым баш болуп таанып, Арсендин «курсу» көтөрүлгөнү ырас. Арсендин “кыргыз клиптерине өзгөчөлүк киргизейин дедим” дегенин клипке кошкон “салымы” деп кыз-жигиттин эрдинен сүйүп, илебине илебин тийгизип койгон кадрын түшүнөт окшойбуз. Кимдир бирөөлөр үчүн эзилишкен кадр клиптин “фишкасы” чыгар. Бирок улуу муундагылар үчүн “ой, өчүр, жытташкан клипти көрбө дебедим беле” болушу толук ыктымал экенин эскерте кетпесек болбос.

МИРБЕК АТАБЕКОВ, “YOU ARE MY DESTINY”
Майда-чүйдө концерт дегендерге барбай, өзүнүн баркын билген Мирбек Атабековдун бул клиби жаштар толкунун кызыктырган эле. Анан эмне, клипте кыздар сүйгөн Мирбеги кылыктанган ич кийимчен кызга арбалып жатса, кызык да. Башка актёр жалдабай эле Мирбек өзү аткарып жатса, “ммм... бала кыйын го” деген сөздөр асыресе жаралат. Ошол эле учурда “аа, клиптеги кыз башка улуттан да, боло берет” деп дале сүйүктүү ырчысынын махабат клибине тил тийгизгиси келбегендер кездешет. Анткен менен Мирбектин ырларын сүйүп уккан кыргыздын өзүнө мүнөздүү менталитети бар, бирөө айтпаса экинчи бирөө айтып жекирет, жемелейт, жактырбайт дегендей эле кеп.

АЙПЕРИ СЫДЫКОВА, “АПАКАЙ АК КУУ”
Бул кыз “Кыз-Бурактан” бөлүн­гөндө “молдо болуп кетти” деген сөз менен кошо кеткен болчу. Арадан жылдар өткөн соң Айпери Сыдыкованын “Апакай ак куу” деген ыры жаңыра баштады. Ошондо Гүлшайыр эже чаң салды, чын, чаң салды “ырдабайм деп кетип, эми эмнеге чыгып жатат?” деп. Тарбиячы эжеси менен тең тайлашып, керек болсо Айпери гезит аркылуу акыйлашканга чейин барган. Андан кийин эле мына сага деп ошол ырына клип тартып салбаспы. Ошондо Гүлшайыр Садыбакасова “ушинтип клип тартпай эле койсо болмок” деп бекеринен сан чапкылабаптыр. Анткени Айпери сөзү, обону келишкен “Апакай ак куусун” көңүл иренжитчү клиби менен көөлөп койду. “Клип турмуштан алынган, мындайдын эч уяты жок” дешиңер мүмкүн. Бирок клипмейкердин эмес, жөнөкөй көрүүчүнүн көзү менен караганда деле калпыс клип дегенге кийирем.
Качан эле кыргыз ырчылары өбүшүп, төшөккө жатканга чейинки клиптерди тартышчу эле? Миң арман кылып, “аттиң, ай, жетпей калдым, башкага кетип калдың” деп сыздабасын Бек Борбиев, Гүлнур Сатылганова, “кээ күнү тегирмендин барасына жанчылгым келет” деп ырдаган Асанкалый Керимбаев сындуу эстраданын дөө-шаалары да мындай клип тартпаптыр, катыгүн. Же бир заманбап десең, заманбап клипке коошпойт. Кыскасы, Айпери кайын журту менен кошо отуруп өзүнүн клибин көрүп калчу болсо, киргенге жер таппай калат болуш керек, уялганынан. Балким, тескерисинче, сыймыктануу менен отурабы, ыя?

АРМАН, “SEXY, SEXY”
Көпчүлүк жаш кыздар ырын угуп, өзүн көрүп шилекейин жутуп алчудай болуп жатканынан Арманда бир мандем бар дейсиң. Ал мандем, албетте, өзү мойнуна алса-албаса да Энрикени туурап ырдап, клип тартып шоу дүйнөгө дүң болуп жатканында. “Sexy, sexy” ырындай эле клип да “sexy”. Продюсери Александр Беловду билебиз, жалаң заманбап клип тартат. Өзгөгө тарткандан көрө өзүмдүкүн тартайын дегенби, айтор, Армандын “Сексисин” өкүртө тартыптыр, кайран. Бир клубда эле ич кийимчен кыздар менен кыздар сылап-сыйпалашып, кыз менен жигит өбүшүп-жытташып диванда жатат. Мына сага, “туздуу” эпизод.
Башканы коюп, “Супердин” сайтынын эле колдонуучуларынын арасында “бетим, биздин менталитетке туура келбейт”, “менин балам ушундай клиптерди көрүп чоңоюшун каалабайм”, “эртеңки келечек ээлери ушундай клиптер менен чоңоёбу?” деген сындарды айтып, заманасы куурулгандар арбын.

Толик сынчы
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (34)
saya4ka
2011-11-01 11:54:19
Негизи клип деген ырдын маанисине жараша, "мини кино" ьолушу керек деп ойлом. Эгер ыр эротикалуу болсо макул, анан биздин эргулдар жакшынакай эле маанидеги ырда бир "Суйуу" деген соз болсо эле ага физиологиялык жактан коргозмо бере башташат. Кандай болбосун, эстетика жана этика баардык жерде, баардык элде, баардык клипте сакталышы керек! Керек болсо эротиканы да жагымдуу кылып тартса болот, шалпактатпай!
0
Takinado
2011-11-01 11:55:53
"Салт эле, салт" деп какшай бергенибиз менен, бул нерсе да керек экенин моюнга алышыбыз керек. Шоу-дүйнөсүндө сенсация жаратып турбасаң тез эле өчүп каласың. Чечине беришсин, акыр-аягы, такыр эле чечинип жатып алышкан жок го?!
0
kubik
2011-11-01 18:45:01
Takinado,

Баштын ичиндеги мээни иштетип башкача сенсация кылса болбойбу кыргыздын менталитетине туура келген...
0
Takinado
2011-11-01 12:02:07
Башкысы, кооз келбетти туура көрсөтө билип "перебор" кылып салбаса эле баары жайында болмок. Мисалы Атабековдун клибинде эротикасынан эстетикасы көбүрөөк, кыздын сулуу келбетин туура көрсөтүшкөн, ич кийими да жарашыктуу. Ал эми Айперинин "ак куусу" дапдаана кыргызча эротика болуп калган, майлары бөлөк-салак болуп %)
0
amin
2011-11-05 15:43:55
Takinado, Сен жакшы терен ойлонгон адам экенсин, жакшы кел карындашыны же эженди чечинбирип клипке тарталы Мирбекпи, Султанбы, же башкасы болсо да тартаттыр.Тартбай коймок беле оз бир тууган байкеси колдоп жатса.Биротоло карындашын да акча таап алат эле.Коркпо такыр эле чечинтпейт, бирок сенсация жаралат соз жок.
0
akusya
2011-11-01 12:23:07
Эхх жашоо кайда баратат.... Бироолорду туурабай деле иш кылса болот гоо... Баардык нерсенин чеги болот ошодон ашпаса ле дейсин...Мындай клиптердин да залакасы бар...
0
Kubanychbekkagan
2011-11-01 14:08:01
Ээээ замандаштар талашып тартышканда не? Жаманбы жакшыбы ар ким өз арабасын тартып кыбырап жүрөт. Демократия деп баарын кылып жатышат. Бирок кийин демократия деп бул кылгандарына өзүлөүрү өкүнө турган убак келет. андыктан талашып тартышпагыла. Ар ким өз күнөөсүн мойну менен тартат.
0
loverboy
2011-11-01 15:04:31
Тоодо, дарыянын боюнда тартылган коёндой бири-бирине окшош клиптерден тажадым! Силер тажаган жоксунарбы, эл-журт? Кичине эротика болсо жакшы да, корсок кызыктуу болот да! Эми такыр жыланач болуп тушконго чейин эле жетпесе болду. Мага жагат жаны клиптер!
0
bestbek
2011-11-01 23:27:22
loverboy,
shaitan da ushul symal asta aazdan azgyrtat. Oigon!
0
amin
2011-11-05 15:47:40
loverboy, сага да токинадого айтылган соз тиешелуу, жакшы болду токинадо жалгыз болбой шерик табылды, балким мирбекти кыйнабай эле экоон бир долун таап бир эротика аралар клип тарсанар да болот, чынбы тууган
0
Danuna
2011-11-01 16:20:17
Ой, эми биз бул нерседен эч жакка качып кутула албайбыз да. Бул батыштан келген немеден, каалайбызбы, каалабайбызбы качып кутулбайбыз. Жеке мен үчүн, мындай клиптердин жамандыгы жок, көрсөтө беришсин. Мен буга замандын талабы катары эле мамиле кылам.
0
kubik
2011-11-01 18:48:38
Danuna,
Сенин кызыны же апаны ушинтип клипке тарталы !!! Мен "лично" каршы эмесмин ошол клипти коргонго жана элге таратканга...
0
Danuna
2011-11-02 09:48:41
kubik,кызым ошондой клиптерге тартылса сүйүнмөкмүн, демек менин кызымдын келбети келишимдүү болмок да %)Ал эми апамды мындай клипке 100 жолу аракет кылсаң да тартпайсың, ал киши уже 60 чыккан ))) И вообще, чалдардай болуп менталитеееет эле дей бербей, ар нерсеге реалдуурак көз жүгүрткүлө да. Такыр эле жакпаса көрбөй кой!
0
bestbek
2011-11-01 23:21:57
Danuna, ushundai sozdor yiman joktugunan kelip jatat. Kyrgyzda myndai klipter chygyp jatkany jandy keiyntet.
0
Danuna
2011-11-02 09:51:48
bestbek, көрбөй кой, эч ким сени кыйнабай эле го "отур да, көр!" деп?! Мен өзүмдүн жеке пикиримди айтып жатам, менин ыйманым менен кимдин кандай иши бар экени мени мало волнует. Анткени каждый судит по мере своей испорченности эмеспи...
0
amin
2011-11-05 15:52:51
Danuna, туура кубик, жогуруда tokinado менен loverboy го сен айткан сунушту киргиздим сонун болбодубу, анын карындаш эжесине кошулуп danuna да тартылсын,кызын кошуп алса да жакшы.Дагы бир сунуш ,же оргия уйуштурбасынарбы, мына сесация бул жакта турбайбы
0
Akmoor44
2011-11-02 16:32:27
Urmattuu jashtar,iskustvo jashtaryna oroi,odono ,jaman sozdordu aitpagyla,siler alarga akylduu keneshinerdi aitkyla,men azyr bashka mamlekette ishtep jatam,chogu ishtegen biroo ozundun ulutundan,jakshy yrdagan jashtardan korsotchu dep surandy,men oilonup kimdi korsotsom dep kyjalat boldum,sebebi mamleket iskustvogo konul bolboit,ar kim oz karajaty m/n klipterin jaratat,dagy jakshy Omardy korsottum alarga,jashtardy jashtar koldogula!!!Iskustvo jashtaryna chygarmachylyk talant kaalaim
0
amin
2011-11-05 15:57:38
Akmoor44, Эмне жаштар акылдуу эмес кандай кенештерди айтып атат, тартпаш керек мындай эротиканы деген акылдуу эмес не.Тартсын эч ким каршы эмес болгону шайтандын айтканын кылбай, адамдын улуулугун чагылдырган тасмаларды тартсын болгону ошо.Башка соз деле жок
0
Fekus
2011-11-02 18:52:52
Толик Сынчы ой жазасын да...Азаматсын!
0
songtanaiza
2011-11-03 14:14:06
Tolik Sinchini korgum kelet,ayabai katyy sindait,chindikti betke atkan adam.Jeke jashoosun bilgender bolso jazip koigulachi! prosto interesno!!!
0
lifeview
2011-11-03 19:06:36
Бул жалган дүйнөдө кылган күнөөлөрүн аркы дүйнөдө азабын тартышат го
0
aliya-leyla
2011-11-04 09:07:21
мурун уйго клип алып келип DVDге коюп анан жумуштарыным бутурчу элем, Айперинин ырынан кийин mp3 эле ала турган болдум.
0
karakyrgyz
2011-11-04 12:17:21
куноонун баары маданият министрлигинде
0
Chromstyle
2011-11-05 01:33:51
ладно не кылса оздору билетда
0
amin
2011-11-05 16:04:09
Куноонун баары бийликте, элди каттуу контролго алыш керек эл деген эл натыйжасын ойлонбой жат элдин кылганын кыла берет.А ойлоно турган бийлик адамдары, башка нерсе менен алек, кыргыз кыргыз экенин унутуп калганда анан ойгонот.Анда кеч болуп калган болот.
0
№ 469, 28-октябрь - 3-ноябрь, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан