АШЫКЧА ПИВО ЭРКЕКТИ ИМПОТЕНТКЕ АЙЛАНТАТ

Шуулдаган, кермек даамданган пивону сүйүүчүлөрдүн са­ны дүйнө жүзүндө, анын ичинде Кыргызстанда да улам өсүүдө. Пивону эл ичинде бирөөлөр суусундук катары кабыл алып, денсоолукка да пайдалууу дешсе, бирөө­лөр пивону ичкилик катары кабыл алып, зыяндуу деп эсептешет. Мунун чындыгы кандай экендигин аныктоого бизге илимий маалыматтар жардамга келмекчи.

Пивонун 1литринде 45-50 грамм таза алкоголь бар.
Бул деген 120-130 грамм арак дегендик.

ПИВО ТУУРАЛУУ МААЛЫМАТТАР

Пиво чыгаруу боюнча кайсыл өлкө канчанчы орунда?

  • Дүйнөдө пивонун 9 миллион сорту чыгарылат.
  • Пиво чыгаруу боюнча учурда 1-орунда Кытай турат. Анда жылына 29 миллион тонна пиво өндүрүлөт жана курамына сөзсүз түрдө күрүч кошулат. 2-орунда АКШ, 3-орунда Германия, 4-орунда Бразилия, 5-орунда Япония, 6-орунда Россия турат. Россияда пивонун 1001 түрү чыгарылат.

Ар өлкөнүн жарандары бир жылда канча литр пиво ичишет?

  • Исландия, Италия, Польша, Кытай, Рос­сия – 40 литр.
  • Болгария, Франция, Греция, Португалия, Румыния, Испания, Швейцария – 40-80 литр.
  • Финляндия, Венгрия, Люксембург, Нидерланд, Улуу Британия – 80-120 литр.
  • АКШ, Чехия, Словакия, Дания, Германия, Ирландия – 120 литрден жогору ичет.

Ал эми кыргызстандык пиво сүйүү­чү­лөр орто эсеп менен жылына 35 литрдин тегерегинде пиво ичет экен.

ПИВО КАЧАН ПАЙДА БОЛГОН?

Пивону эң биринчилерден болуп ким ойлоп тапканы белгисиз. Антсе да байыркы суу­сундук экендиги талашсыз.
Мындан 7 миң жыл илгери Эки дарыя аралыгында, башкача айтканда, Тигр жана Евфрат дарыяларынын аралыгында жашаган шумерлер арпанын угутунан суусундук даярдашканы маалым. Алар суусундукту түшүм Кудайына арнашкан жана акырындап ал суусундуктун 60ка жакын түрүн чыгарууга жетишишкен. Шумер башкаруучулары пиво жасоочуларды баалашып, аскердик милдеттен бошотушкан.
Египетте пивону биздин доорго чейинки 2800-жылдары жасашкан жана байлар менен кедейлерге да бирдей суусундук болуп эсептелген.
Пирамиданы тургузуучу ээлери куруучуларына күнүгө тамагы үчүн нан, сарымсак же пияздан сырткары 3 аяк пиво бердирип турушкан. Падыша айым Нефертитинин өзү да пиво кайнатуунун устаты болгон. Египеттиктерден пиво кайнатуу Эфиопияга, Грецияга, Персияга, анан Кавказга тараган.
Байыркы Испанияда жана ага чектеш өлкөлөрдө пиво кайнатуунун жайылган мезгили болуп биздин доорго чейинки V-VI кылым эсептелет.
Пиво ошентип, акырындап отуруп бүт дүйнөгө тарап, суусундуктардын ичинен негизги орунду ээлөөгө жетишет.

ПИВОДОГУ ПАЙДАЛУУ КОШУЛМАЛАР

  • Көмүр кычкыл газы. Ашказандын иштөөсүн жакшыртып, булчуңдардын, мээнин, өпкөнүн, бөйрөктүн кан менен жакшы жабдылышына өбөлгө болот.
  • Минералдык кошулмалар. Пиводо калий көбүрөөк. Башкача айтканда, 1литр пиводо бир суткага жетишээрлик калий бар. Бирок, натрий жетишсиз. Ошондуктан, дарыгерлер кан басымы оорусу барларга ичкиликтерден бир гана пивону сунушташат.
  • Кальций жана башка кошулмалар. 1 литр пиводо кальций менен магнийдин ар бири 80 мили­граммды, фосфор 140 милиграммды түзөт. Мындан тышкары жез, цинктин да аздан кошулмалары бар.
  • Калориясынын төмөндүгү. 1 литр сүттүн же кока-коланын же жемиш ширесинин калориялуулугу 600-700 ккалга жетсе, пиводогу калориялуу кошулма этил спирти. Мунун калориясы 400-500 ккалды түзөт.
  • Витаминдер. В тобундагы витаминдер 50, С тобундагылар 70 пайызды түзөт.
  • Органикалык кошулмалар. Лимон кислотасынын тузу бөйрөктө таштын пайда болуусунун алдын алат. Уксус кислотасынын жана башка кислоталардын туздары денедеги зат алмашууну жакшыртат.
  • Ачуу заттар. Бактерияга каршы таасир берет жана ашказандын иштөөсүн жакшыртат.

ПИВОДОГУ ЗЫЯНДУУ КОШУЛМАЛАР

  • Ачуу кошулмалар жана кулмак (хмель). Ичтейди ачат. Ошондуктан, курсактын чыгышына, ашыкча салмактын жаралуусуна алып келет.
  • Ачуу даам психикага активдүү таасир берет. Ушундан улам уйкуну келтирип, ал эми көп өлчөмдөгүсү галлюцинацияга жеткирет.
  • Фитоэстрогендер. Бул теги өсүм­дүк­төр­дөн келип чыккан ургаачы гормон. Пивону чектен тыш ичкенде бул гормон денеде жыйылып калат да, гормондук бузулуу келип чыгат. Эркектин денесинде түктөр азайып, сүт бездери (эмчек) барсайып чыгат. Денедеги майлар аялдар семиргенде топтолууучу жерлерге, санга, капталга топтоло баштайт. Төшөк дарамети пастап, сперматозоиддердин кыймылдуулугу азаят. Бул акырындап уруксуздукка жана импотенцияга жеткирет.
  • Аялдардын денесинде бул гормондун жый­ыл­ып калуусу ашыкча семирүүнү шарттайт.
  • Биогендик аминдер. Булар кадаверин, путресцин, гистамин жана тирамин болуп эсептелет жана уулардын ичинен өлүктүн уусуна таандык. Дал ушул жаман заттар “пахмелдин” жана бөйрөк оорусунун күнөөкөрлөрү болуп эсептелет.
  • Этил спирти. Бул мээни ойрон кыла турган таасирге ээ. Анткени, биздин организмибиздеги май кармалуучу ткань – бул баш мээнин кабыгы. Ал эми спирт май кармалуучу тканды эритип жиберет. Жыйынтыгында, акыл-эс акырындап начарлай баштайт.

ИЛИМИЙ ЖЫЙЫНТЫК

Адам бир күндө бир литр пиво ичсе, денсоолугуна коркунуч келтирбеген болот. Эгер оорусу жок болсо гана! Ал эми бир литрден ашык ичүү зыяндуу. Тактап айтканда, адам денсоолугун өз эрки, өз колу менен талкалай баштоосу дегендик.

Даярдаган Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 195, 28-июль-3-август, 2006-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан