Америкада Барак Обама элди эмес, эл Обаманы сатып алып такка отургузушкан. Бизде болсо кылмыш жолу менен элдин добушун сатып алышып, “президент болобуз” дешүүдө. Президент болчу инсан да, эл да кылмыш жасап жатканыбызды эске албай жатабыз. “Акча бербе, акчаларын албагыла” дегенибиз менен, баары бир токтобойт экен. Кой десең, тил алышпайт. Ушуларга байланыштуу элди да убара кылбай, жарнамаларга акча чача бербей, мамлекетибизди байытуунун жолун таптым.
Эмдиги шайлоолордо элибиз кылмышка барбай, таза жол менен шайлоолорду аукционго коюп, президент болом дегендер акчаларын чек аркылуу мамлекеттик казынага төгүшсүн. Ким көп акча салса, ошол адамды президент кылып шайлап алалы. Калгандарын акчасынын суммасына карап премьер, губернатор, аз төккөндөрүн райондорго аким кылып шайлап, бардыгынын берген акчасынан кутулалы. Депутаттарды да, сотторду да, министрлерди, керек болсо орун басарларынан бери так ушундай жол менен шайлайлы. Эч кимиси нааразы да болбойт. Бирдеме десе, “чегиңди көрсөт” дейбиз.
Эмне, биз, кыргыздар, океандын ары жагындагылардан кем бекенбиз? Америка техника жагынан кыйын болсо, биз экономикалык саясат жагынан кыйын болуп жатабыз. Бийликтегилер кыйналып убара болбой эле, байлар өз ыктыяры менен акчаларын мамлекетке салуунун, өлкөбүздүн баюусунун жолун таап, дүйнөдө биринчилерден болобуз. Мына ушундай кылсак, жылдап миң-миңдеген адамдар убара болбой, үч эле күндө президенттин тагдыры чечилет. Баарынан да мамлекетибиз байып калат. Экономика деп мына ушуну айтсак болчудай. Эки жолу ушундай шайлоо уюштурсак, 3 миллиардга жакын тышкы карызыбыздан кутулат экенбиз. Эмне, жаманбы?
Урматтуу депутаттар, андан көрө бардык шайлоолорду чек менен аукцион сымал акчаларын алып, бийликтегилерди шайлай турган мыйзам чыгарсаңыздар.
Караш Насер