Келгиле, өз колубуз менен кооз, даамдуу, ары пайдалуу бутерброд даярдап жейбиз.
Керектелүүчү азыктар: Булочка же нан, бир тилим колбаса, бир тилим сыр, туздалган нокот, петрушканын жалбырагы.
Даярдоо ыкмасы: Туурасынан кесилген нанды же булочканы алып, ага колбаса, үстүнө ичкерээк тилинген сырды коёбуз. Колбаса менен сырдын ортосуна салат жалбырагын койсо да болот. Сырдын үстүнө сүрөттөгүдөй кылып туздалган нокоттон тизип, анын жалбырагы катары петрушканы коюу керек. Жыйынтыгында жүзүмдүн сүрөтүн чагылдырган бутерброд даяр.
Мектепте окуучуга эжейи:
– ... Бул абдан уят сөз, сен муну кайдан угуп жүрөсүң?
– Атамдан.
– Экинчи кайталабагын. Бул сөз эмнени түшүндүрөрүн билбейсиң да.
– Билем, жолдо баратып автотыгынга туш болгондо айтыла турган сөз.
Атасы бакчадан уулун жетелеп келе жатып:
– Базарбек, бакчадагы балдар менен көп мушташасыңбы?
– Ооба, ата, күн сайын эки-үч бала менен мушташам.
– Ким жеңет анан?
– Тарбиячы эже жеңип алат.
Сыналгыдан индейлердин согушка камданып, бетине боёк сүртүп жатканын көргөн баласы сурайт:
– Ата, булар эмне кылып жатышат?
– Согушка камданып жатышат, балам.
– Анда апам күн сайын ким менен согушканы кетет?..
Мөлтүрөп тизип койгон шуру десең,
Оозуңа балдай татыйт, үзүп жесең. (Жүзүм)
Өңү жашыл жалбырак,
Аны ким жесе,
Витаминди көп табат. (Салат жалбырагы)
Кабат, кабат көйнөгү,
Торсоёт да бөйрөгү. (Капустан)
Тоок алдынан топ чыкты,
Оозу-мурду жок чыкты. (Жумуртка)
Шылдыр-шулдур суу жатат,
Суу астында ким жашайт? (Балык)
Темирге бай мөмө бар,
Кызыл, жашыл, сарысы.
Жеген сайын тамшанат,
Жашы дагы, карысы. (Алма)
Чолпон Сүйүнбаева
balakai@super.kg