Кечээ жакында эле ар бирибизде телефон болот дегенди угуп, бирок аны элестетүү кыйын болсо, азыр уюлдук телефону жок адамды элестетүү кыйын. Ушул тапта экраны сенсордук “соткалар” модада. Аталган телефондордун айрымдарын алып, кандай артыкчылыгы же кемчилиги бар экени жөнүндө маалымат топтодук.
СЕНСОР ТАРЫХЫНАН
"Сенсор" – англисчеден которгондо "башкарууга ылайыкташкан техникалык системанын элементи" дегенди билдирет. Алгачкы сенсордук экран 1972-жылы АКШда программалык камсыздоону изилдөө алкагында PLATO IV компьютердик системасында жасалган. Сапаты начар болсо да, экрандагы керектүү объектти басканда буйрук аткарылган. Алгач андай экрандар изилдөө иштери жүргүзүлгөн жайларда жана медициналык аппараттарда гана колдонулган. Кийинчерээк массалык түрдө жайылган техникалык буюмдарда, айрыкча уюлдук телефондордо кичинекей клавиатураны алмаштыруу максатында чыга баштаган. 2004-жылы Nintendo DS аттуу чөнтөк оюнчуктары аркылуу биринчи сенсордук экран элдин калың катмарына тараган. Ал эми жогорку сапаттагы сенсордук экран (Multitouch) биринчи жолу “Эппл” компаниясынын iPhone`нунда жарык көргөн.
Сенсордук экраны бар телефондогу дээрлик бардык иш-аракеттер экрандагы белгилүү объектке колдун манжалары же атайын таякча менен басуу аркылуу аткарылат.
АРТЫКЧЫЛЫГЫ
КЕМЧИЛИГИ
NOKIA C7
Сенсордук экраны бар телефондордун ичинен учурда көп колдонулуп жаткан Nokia C7 моделин тааныштырабыз.
ЖАЛПЫ МҮНӨЗДӨМӨ
2010-жылдын аягында чыккан.
Тиби – смартфон (акылдуу телефон), коммуникатор.
Корпусу – классикалык.
Кара, күмүш жана күрөң түстөгү түрлөрү бар.
Телефондун корпусу дат баспай турган болоттон жасалган.
Салмагы – 130 грамм.
Калыңдыгы – 11, бийиктиги – 117, туурасы – 57 миллиметр.
Multitouch (жогорку сапаттагы сенсор), WiFi (зымсыз интернет байланышы) жана GSM стандартында 3G (жогорку ылдамдыктагы интернет) бар.
Symbian3 операциондук программасы менен иштейт. 3 кызматты бир убакта аткарууга болот.
Фотокамера бар (жарык бергичи менен).
Экраны сыйымдуу.
КЫСКА КАТ КЫЗМАТЫ
Кат жазууда кошумча кызмат каралган, даяр шаблондор жана MMС бар.
КОШУМЧА ФУНКЦИЯЛАР
Үнү катуу чыккан динамикалар орнотулган, телефонду үн менен башкаруу кызматы бар.
ЭКРАН
Экрандын тиби – түстүү, сенсордук (тиби – сыйымдуу), автоматтык түрдө тигинен же капталынан которгондо бурулат, программалык камсыздоо орусчага которулган.
МУЛЬТИМЕДИАЛЫК МҮМКҮНЧҮЛҮКТӨР
Санарип камерасы 8 мегапиксель менен (санарип Zoom 3x, видео тартуу алдында жарык берүү, ак балансты коюу кызматтары бар) видеого тартуу жана сактоо (MPEG-4), видеоконференция үчүн камерасы, аудио (MP3, AAC, WMA, FM-радио, FM-трансмиттер), диктофону, оюндар бар.
ЭС ТУТУМУ ЖАНА ПРОЦЕССОР
Телефондун эсинин көлөмү – 8 гигабайт, мындан тышкары 32 гигабайттык кичи флешканы орнотууга болот.
Эскертүү: Телефондун баасы жана анын технологиялык мүмкүнчүлүктөрү кандай болбосун, ал кооз буюм же башка эмес, жөн гана байланыш каражаты экенин унутпаңыз.
СЕНСОРДУК УЮЛДУК ТЕЛЕФОН БОЮНЧА ПАЙДАЛУУ КЕҢЕШТЕР
Сенсордук экран чөнтөгүңүздөгү же сумкаңыздын ичинен ачкыч же болбосо ар кайсы нерселерге тийип чийилип калышы мүмкүн. Андан сактануу үчүн дисплейди коргой турган плёнка жабыштырыңыз.
Телефонуңузга бир эле антивирус орнотуңуз (эгер смартфон болсо).
Телефонуңузду нымдан, күндүн нурунан (көпкө кармоо зыян) жана жерге түшүрүп алуудан абайлаңыз.
Батарейкасы такыр өчкөнгө чейин күтпөстөн, толтуруп туруңуз.
Жалданма киши өлтүргүч бирөөнү атып өлтүрөт. Өлгөн киши бейишке түшүп, ал жакта жашай турган үйлөрдү кыдырып, эч жактырбайт. Анан бул дүйнөдөгү досуна телефон чалып мындай дейт:
– Досум, мени өлтүргөн киллерге дачамды мыкты салган куруучуларды өлтүрсүн деп буйрук берип койчу. Аларды бул жактан тосуп алып, үй салдырайын дедим эле.
ххх
Уюлдук компания кайрымдуулук акциясын өткөрүп, токойдогу жаныбарларга бекер телефон таратат. Коён арстанга чалып:
– Алло, бул арстанбы?- деп катуу сурайт.
Арстан:
– Ооба, бул арстан.
Коён көзүн ойноктотуп, телефонун өчүрүп коёт да, телефонун карап:
– Ой, шумдугуң кур!- дептир.
Азамат Абдраев
koom@super.kg