«НЕФТИЧИ» БААРЫНАН ПОПУЛЯРДУУ

Мындай жыйынтыкты КРнын Футбол федерациясы жакында аяктаган Улуттук биринчиликке саресеп салып жарыялады. Алсак, жалпысынан чемпиондукта орун алган оюндардын саны 60 болсо, анын ичинен 10у болбой калган (Ысык-Көл командасынын мелдештен чыгып кеткендигине байланыштуу). Баш-аягы 185 гол кирип, аларды 51 футболчу өз эсебине жазган. 20 белгиленген 11 метрлик айып соккулардын 17си голго айланган.
Баарынан кызыгы, көрүүчүлөрдүн жактыруусу боюнча күмүш медалдардын ээси – кочкор-аталык “Нефтичи” эч кимди алдына салган эмес. “Нефтичилердин” оюндарын чемпиондуктун жүрүшүндө 17 500 адам көрүп кеткен (орто эсеп менен бир оюнга 1944 көрүүчү туура келет). Көрүүчүлөрдүн оюнга келүүсү боюнча кийинки орунда Оштун “Алай” командасы турат (орто эсеп менен Алайдын ар бир оюнуна 1366 адам “живой” күбө болгон).

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 469, 28-октябрь - 3-ноябрь, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан