БИЗДИН КӨЧӨДӨ ДА МАЙРАМ БОЛОТ!

“Дордой” ассоциациясынын 20 жылдыгына карата өтүп жаткан мелдешке “Супер-Инфонун” катышып жатканын кабарлаганбыз. Учурда кызуу таймаштын тайпалык баскычы аяктап, чейрек жана жарым финал оюндары башталуу алдында турат. Командабыз тайпадагы 13 командадан алдыңкы сегиздикке кире албай, мелдештен четтеп калды. Бул мелдеш “Супер-Инфо” менен www.super.kg сайтынын колдонуучуларынан куралган команда үчүн алгачкысы болду. Андыктан команда өкүлдөрү: “Эч нерсе эмес, башкысы, тажрыйба, сабак ала алдык. Тушообуз кесилди. Алдыда дагы мелдештерге чакыруулар түшүп жатат. Ошолорго даярданып жатабыз. Буюрса, биздин көчөдө да майрам болот”,- дешет келечекке оптимисттик ойлору менен.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 469, 28-октябрь - 3-ноябрь, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан