Буга чейин балбандарыбыз менен мушкерлерибиз Дүйнө чемпиондугунан ийгиликсиз кайтканынан кабарыңыз бар. Эми “дүйнөнү багынтууга” кикбоксчуларыбыз аттанышты. Жылдын мелдеши 22-30-октябрдын аралыгында Македонияда өтмөкчү. Ага 50 өлкөдөн 500дөн ашуун кикбокс чеберлери катышууда. Кыргыздын намысын айтылуу машыктыруучу Александр Воиновдун жетегинде төмөнкүлөр коргоого чакырылган: Мирбек Сүйүмбаев (60 килограмм салмакта), Айбек Дүйшөмбиев (63), Канат Сыдыкбеков (67), Мирлан Ибраимов (67), Сталбек Дарканбаев (71), Ален Офойо (71) жана Кумар Жалиев (75).