24-октябрда Киевде бильярд боюнча Дүйнө биринчилиги аяктап, тилекке каршы, мекендештерибизге ийгилик жылмайган жок. Аттанган 5 кий чеберибиздин үчөө мелдештин биринчи айлампасында “учуп” кетсе, экөө экинчи айлампада мелдештен четтешти. Башкы окуя былтыр Дүйнө чемпиондугун уткан Каныбек Сагынбаевдин экинчи айлампада ээрден жылмышканы болду.
Ошентип, Каныбек чемпиондук наамын коргой албай, андан кол жууду. Ал эми бильярд боюнча Дүйнөнүн жаңы чемпиону украиналык Ярослав Винокур болду.