2008-ЖЫЛДЫН АЛГАЧКЫ СУПЕРЛЕРИ АНЫКТАЛДЫ

2008-жылдын “Супер депутаты”
Бул наам боюнча тандоодо Аскар Салымбеков менен СДПКчы Бакыт Бешимов озуп чыгышкан. Элдин добушу бирде “Ак жолчу” депутатты көздөй оосо, бирде СДПКчыны көздөй жылып отуруп, чечүүчү мезгилге келгенде Бакыт Бешимов Аскар Салымбековду 5 добуш менен артка калтырды.
– Бакыт мырза, куттуктайбыз, “Жылдын супер депутаты” наамына көпчүлүктүн добушу менен татыдыңыз! Мындай болорун күттүңүз беле?
– Рахмат, жаңы жыл алдында жакшы кабар айтып турганыңарга! Биринчиден, мен жүргүзгөн саясатты колдогон мекендештериме чоң ыраазычылык билдирер элем. Мекенимди коррупциядан алыс, таза, адилет бийликке ээ болгон Кыргызстан катары көргүм келет. Аны дал ушундай келечекке алпаруу үчүн биздин партия, анын катарында мен да колдон келген аракетибизди жумшайбыз. Алдыга чоң максаттарды койгон саясатчы үчүн элдин колдоосунан өткөн сыйлык, сыймык болушу да мүмкүн эмес.

2008-жылдын “Супер саясатчысы”
Үстүбүздөгү жылдын суперлерин аныктоодо 2008-жылдын “Супер саясатчысы” номинациясы боюнча айыгышкан жарыш “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен КРнын Коопсуздук Кеңешинин катчысы Адахан Мадумаровдун ортосунда жүрдү. Добуш берүүдө «чү» деген эле жерден алдыңкы катарга чыгып, ишенимдүү бараткан Текебаевге Мадумаров жете келди. Эки саясатчынын ортосундагы жарышты болгону 1 добуш А.Мадумаровдун пайдасына чечип койду. Сыягы, Адахан Кимсанбаевичтин ЖКнын төрагалыгынан өз каалоосу менен кетип,“эгер “Ак жол” партиясы эл алдында берген убадаларын аткарбаса, партиянын катарынан чыгам” деген кыяздагы билдирүүсү, акыркы күндөрү анын оппозицияга кошулуп кетиши мүмкүн экендиги тууралуу айың кептер аны көпчүлүктүн көңүл борборуна чыгарган өңдүү.

2008-жылдын “Супер министри”
Министрлердин арасынан 2008-жылдын “Супер министри” деген наамда эң көп добуш Экономикалык өнүктүрүү жана соода министри Акылбек Жапаровго берилди. Жапаров мырзанын “финансылык кризис болот” деп ажонун каарына да чыдап, ачуу чындыкты айткан эрдиги өз баасын алды көрүнөт. Учурда Москвада жүргөн министр менен министрликтин басма сөз кызматы аркылуу байланышка чыгып, эки ооз кепке тарттык.
– Акылбек Үсөнбекович, биздин окурмандар сизди “Жылдын супер министри” деп табышты. Сиз өзүңүз кандай пикирдесиз?
– Мага күтүлбөгөн жаңылык болду. Дүйнө жүзүн каптаган каржылык кризиске, инфляцияга каршы аракеттерибиз көңүлдөн тыш калбаган көрүнөт.

2008-жылдын “Супер спортчусу”
2008-жылдын “Супер спортчусу” наамынын жеңүүчүсү Канатбек Бегалиев эс алууда жүргөндүктөн, комментарий берүү өтүнүчү менен грек-рим күрөшү боюнча КРнын Улуттук олимпиадалык курама командасынын башкы машыктыруучусу Эмил АЛЫКУЛОВГО кайрылдык:
– Чындыгында, Канатбек өлкө­бүз­дө жылдын мыкты спортчусу наамына татыктуу. 4 жылдыктын башкы мелдешинде кыргыз спортчуларынын ичинен биринчи болуп күмүш медаль тагынды. Дүйнө жана Азия биринчиликтеринде байгелүү орундарга илинди. Биздин сыймыгыбыз болгон бул жигитке жалпы журтубуздун атынан ийгилик каалайм!

2008-жылдын “Супер ди-джейи”
Ди-джейлердин арасынан «Кыргызстан обондорунан» Жаркынай Аманова “жеңүүчү» деп табылды.
– Жаркынай, жаңы ийгилигиң менен куттуктайбыз! Өзүңө добуш бер­диңби?
– Жок, мен эч кимге добуш берген эмесмин. Бирок, кызыгуу менен сайтка кирип, номинацияларды карап, жыйынтыгын күтүп жаттым. Чынын айтсам, жеңүүчү болом деп ойлогон эмесмин. Мени колдогон элге да ыраазычылыгымды билдирем.

2008-жылдын “Супер телеканалы”
www.super.kg сайтындагы добуш берүүнүн негизинде 2008-жылдын “Супер телеканалы” наамына 5-канал жетишти. Аларды куттуктап, телеканалдын маалымат берүүлөрүнүн аткаруучу продюсери Сюита Соурбаевага кайрылдык.
– Сюита, куттуктайбыз! Көпчүлүктүн добушу менен 2008-жылдын “Супер телеканалы” болуп табылдыңар.Эми сиздин оюңузду да билсек, 5-канал суперликке чын эле татыктуубу?
– Эл айтып, колдоп жаткан соң биз ошого татыктуубуз деп ойлойм. Биздин максат - чыгармачылыгыбызды, дараметибизди колдон келишинче элге көрсөтүү. Эл эмгегибизди кандай баалайт, канча деген баа берет, буга биз кийлигише албайбыз.

2008-жылдын “Супер телеалпаруучусу”
Эрмек Нурбаев быйыл дагы добуш берүүлөрдүн жыйынтыгында “жеңүүчү” деп табылды. Бул жагымдуу кабарды сүйүнчүлөп, Эрмектин таңкы уйкусун буздук.
– Эрмек, сен быйыл дагы “Супер телеалпаруучу” наамына татыдың. Куттуктайбыз. Жеңишке жетишериңе көзүң жетти беле?
– Ой, чоң рахмат! Чынын айтсам, добуш берүү башталганда артта болчумун. Анан “мен былтыр албадым беле” деп өзүмдү сооротуп койгом. Кийин карасам, алдыга чыгып калыптырмын. Ошондуктан, “жеңет окшойм” деп сүйүндүм. Акыркы төрт айдан бери теледен чыкпай калганыма карабай, эл тандап жатса, сыягы жакшы эле иштеген көрүнөм.

2008-жылдын “Супер радиосу”
Ал эми 2008-жылдын “Супер радиосу” наамы көпчүлүктүн добушу менен “Тумар” радиосуна тапшырылды. Анын директору Алексей Сидоров учурда иш сапары менен Германияда. Жагымдуу жаңылыкты ага телефон аркылуу кабарладык.
Алексей Сидоров: “Чындыгында, мындай наамга ээ болобуз деп күткөн эмес элек. Себеби, биз менен катар номинацияда мыкты радиостанциялардын аты аталган. Анын үстүнө, “Тумар” радиосунун ачылганына аз эле болду. Бизге добуш берген бардык угармандарыбызга ыраазычылык билдиребиз!”

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 319, 12 - 18-декабрь, 2008-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан