БИШКЕКТИН КӨЧӨЛӨРҮН ЧАҢЫТКАН ШАЙТАН АРАБАЧЫЛАР

Бишкектин “Ала-Тоо” аянтында же башка ири имараттардын жака-белинде ролик, велосипед тээп жүргөн өспүрүмдөрдү сиз да көрүп же уккан чыгарсыз. Бул саам мына ошондой өспүрүмдөр тууралуу макала даярдадык.

РЭПТИ СҮЙҮП УГУШАТ
18-октябрда Бишкектеги экстрим-паркта (Ахунбаев-Токтоналиев (мурунку Дүйшөмбү) көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан) спорттун экстремалдык түрлөрү боюнча мелдеш өттү. Ачык асман алдындагы таймаш көп сандаган көрүүчүнү чогултса да, он чакты гана катышуучу болду.
Мелдеш өтүүчү аянтта 2 бийик төшөлмө (бири велочулар үчүн, бири скейтбордчулар үчүн) жана жел толтурулган килем орнотулуптур. Таймаш алдынан ар бир катышуучуга коопсуздук үчүн шлем жана түрдүү коргоочу каражаттар берилип жатканын байкадым. Анан “экстремалдык спорт эмес беле...” деп койдум ичимен. Мелдеш орус жана англис тилдүү аткаруучулардын рэп ырлары менен коштолду. Кийин билингендей, рэп бул спорт түрү менен алектенгендердин сүйүп уккан музыкалык жанры экен.

25 МҮНӨТ, 10 ТАЛАПКЕР, 1 ЧЕМПИОН!
Мелдеш БиЭмИксерлер (велосипед менен), роллерлер (ролик менен) жана самокат роллерлердин арасында өттү. 1 самокат роллер, 2 роллер жана 7 БиЭмИксердин ичинен шарт боюнча бир гана жеңүүчү аныкталмак. Жеңүүчүнү аныктоого 25 мүнөт бөлүндү. Ар спортчуга 2,5 мүнөттөн тийип, алар бир-бирден “сахнага” чыгып, билген ыкмаларын көргөзүп жарышышты. Чынында, мыкты ыкмалар жасалып, таң калуу жаратпай койгон жок. Алардын ичинен каймана аты Шрек болгон Илья айырмаланып турду. Ал өнөрүн көргөзүп жатканда көпчүлүк жеңип чыгарын болжошкон.
Айткандай, калыстардын чечими менен чемпиондук 18 жаштагы орус жигити Ильяга буюрду. Катышуучуларга демөөрчүлүк кылган фирманын футболкасы тапшырылды. Ал эми Шрек 3 литрлик айнек идишке салынган 1008 сом тыйын акча алды. Мелдеш сценарийден тышкары ошол эле катышуучулардын түрдүү мастер-классы менен аяктады. А биз чемпион менен маек куруу салтыбызды бузбай, Шректи кепке тарттык. Лёха менен маектешүү өзү, 2 дөңгөлөктүү досу жана, албетте, кыздар жөнүндө болду.

Байсикл-Мото-Экстрим (БМХ)
БМХ (БиЭмИкс) 60-жылдарда АКШда пайда болгон. Ал Байсикл (велосипед) – Мото (мото) - Кросс (жарыш) сөздөрүнүн кыскартылышынан келип чыккан. Анда велосипед менен тоскоолдуктарды ашып, бийиктиктерден секирип, түрдүү ыкма жасап таймашышат. Шугулдангандар БМХчилер деп аталат. Бизге кылым башында келген.

ПЕРИТЯТЬКО ИЛЬЯ ИВАНОВИЧ
Туулган жылы –1993-жыл, 9-январь.
Туулган жери – Бишкек шаары.
Бою – 192 см, салмагы – 75 кг.
Жетишкендиктери – Көп эле. Бирок эмнегедир ал катышкан мелдештер дипломсуз болуп чыгат.
Жактырган ыкмасы – “Тэилвип” (абада рулду айландыруу).
Ж.Баласагын атындагы КУУнун экономика факультетинин 2-курсунун студенти.
Бойдок. Бишкек шаарында жашайт.

Илья Перитятько:
“ВЕЛИГИМДИ 1000 ДОЛЛАРГА АЛГАМ”
– Салам, Илья! Бул жакка көп келесиңби?
– Жок. Ишемби, жекшемби күндөрү гана. Өзүм окуп, андан тышкары борбордогу кафелердин биринде официант болуп иштейм. Кол бошобойт көп.
– 1008 сомду эмне максатта коротоюн деп жатасың?
– Ал жакта баары тыйын болчу. Аны “крупный” иштерге колдоно албайм го, жол кире эле кылбасам. Үйдө турат азыр.
– Аа... Спорт менен окуунун кайсынысы жакын?
– Спорт – менин хоббим. Антсе да китепке караганда вело жакын. Окуганды жаман көрөм. Ата-энем вело менен жүргөнүмө каршы болуп, “окусаңчы” деп көп айтышат. Иним жана карындашым бар. Алар БиЭмИкске такыр кызыгышпайт.
– Бул шайтан арабага кандайча кызыгып калгансың?
– Менин алгачкы велосипедим башкача болчу жана жөн гана тээп жүрчүмүн. Досторумдуку меникинен кичинекей, анан алда канча жеңил келип, ыкма жасаганда ыңгайлуу болчу. Мага жагып, алардын велосипеддерин талаша баштадым. Анан Москвадан заказ берип, 1000 долларга велик алдырдык. Үч жыл болду алектенгениме. Көп ыкма үйрөндүм. Мага ыкмалары менен гана кызык.
– Кадимки шайтан араба менен силердин БиЭмИксериңердин айырмасы кандай?
– Биринчиден, БиЭмИкс ыкма жасоо үчүн гана. Жеңил, кичинекей, отургучу жок болот. Жана да бийиктиктерден секирүүгө ылайыкташып, дөңгөлөктөрү калың.
– Велоңду эркелетесиңби? Аты кандай?
– Жок, эй, андай романтик эмесмин. Аты деле жок.
– Эгер бузулуп калса, өзүң оңдой аласыңбы? Негизи, оңдоого канча каражат кетет?
– Каражатты эсептебептирмин. Бирок өтө көп кетет. Бизде тетик сатуучу жай жок болгондуктан, бүт чет өлкөдөн алдырабыз. Оңдоочу жай да жок. Ошондуктан өзүм оңдоого туура келет.
– Кырсык, кыйынчылык деген болбой койбосо керек, кандай жаракаттарга көп кабыласыңар?
– Негизи, БМХ кооптуу спорт түрүнө киргендиктен, майда жаракаттар көп болот. Кудайга шүгүр, буту-колум сына элек. Ал эми кыйынчылык болбош үчүн өзүңдөгү коркуу сезимин жеңип, каалаган ыкмаңды көп-көп жасап, машыгуу керек.
– Силерди сыртынан бир карап тааныса болобу?
– Бизди шалбырап кийинген, чачы-башы өскөн, шылуун, тентек, үй-окуу менен иши жок балдар деп мүнөздөшөт. Бирок андай эмес. Ар ким өзүнүн ылайыгына карап кийинет да. Мына мен заманбап жаштар сыяктуу жынсы шым, футболка кийип жүрөм. БиЭмИксерлер деле билимдүү, спирт ичимдиктерин ичүү, тамеки чегүү сыяктуу жаман адаттардан алыс болушат.
– Көбүнчө борборубуздун кайсы жерлерине чогуласыңар?
– Ушул жерде, анан филармонияда (Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармониясы).
– Машыгам дегендерге кандай кеңеш бересиң?
– Өз бактыңарды сынап көрүүдөн качпагыла, коркпогула дейт элем.
– Велосипедди кайра ойлоп таба албасаң да, ачылыш жасап, жаңы бир ыкма ойлоп таба аласыңбы?
– Азыр көргөндөрдү эле жасап алайынчы. Кийин, балким, өсө берсем, ага да мезгил келер.
– Велик сатып алууда эмнесине көңүл буруу керек?
– Баасына (күлүп). Канча арзан алсаң, көп бузулуп, түйшүгүн көп тартасың. Салмагы жеңил болуусу кажет.
– Бул спорт түрүнүн бизде абалы кандай?
– Бизде бул спорт түрү телчигип келатат десек болот. Федерация же биздин башыбызды бириктирген уюм жок. Ошентсе да кызыгып жаткандар күн санап көбөйүп барат.
– Кандай кызыктуу окуялар болду эле?
– Эсте каларлык кызык окуяларга деле тушуга элекмин. Айрым учурда вело бузулуп, алыс жактан сүйрөп келүүгө туура келип калат. Өзүм мелдеш болобу же машыгууга болобу, шаар ичинде болсо канчалык алыс экенине карабай велигимди минип эле барам.
– Кандай кыздар жагат?
– Бардык жигиттердей эле сулуу, сексуалдуу кыздарды жактырам.
– БиЭмИксерлер үчүн сексуалдуу кыз кандай болду экен?
– Менин боюм узун болгондуктан, узун бойлуу кыздарды карайм. Сексуалдуу кыз? Мм... Так айта албайм го. Азыр аялым жок (өзү кыргызча ушинтип айтты).
– Кыргызча билесиңби?
– Жок. Айрым сөздөрдү эле билем.
– Кыргыз тилин үйрөнүп, кыргыз желегин желбиретип жүрө бер. Велоңдун дөңгөлөгү далай бийиктиктерди багынт­сын.

Максат Кудайбердиев
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 469, 28-октябрь - 3-ноябрь, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан