Эл ичинде “артисттердин эле жашоосу жыргал. Жасанып алып, эл алдында ырдап-чоордоп жүрө беришет” деген кептер айтылып жүрөт. Бирок жылдыздар да жеке жашоосунда сиз менен биз катары тагдырдын сыноолорун башынан өткөрүшөт.
“БАЛЫКЧЫНЫН БОЗ АЛА ЧАҢЫ, АЙ!”
– Мен Балыкчы шаарында артисттердин үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келгендиктен, бала чагымдан эле артист болом дечүмүн. Иним Бакыт экөөбүз атам менен апамды ээрчип алып сахна артында чемодандын ичинде уктап, ага батпай калганда аны жаздык кылып жазданып жүрүп чоңойдук. Кийин алар Нарын театрына чакырылып, биз таенемдин колунда калдык. Мен 10 жашка чыкканда Фрунзеге көчүп келип, азыркы Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз драма театрына ишке орношушкан. Атам өтө таланттуу актёр эле, апам болсо бизге да, жумушка да жетишүү үчүн актрисалыкты таштап, ошол күндөн бери гримдөөчү болуп иштеп келет.
Ата-энем пикир келишпестиктерден улам ажырашып кетишкен. Апам бизди өтө оор кыйынчылык менен чоңойтту. Жалгыз бой калганы аз келгенсип, эки баласы тең жаш. Убактысына карап эки-үч жумушта иштечү. Түнкүсүн кийим токуп сатар эле. Секелек куракка жетип калгандыктан, мага да үйрөтүп койгон, сабактан кийин түнкү саат 3-4кө чейин уктамай жок. Экөөлөп отуруп кийим токуйбуз. Мени алаксытыш үчүн сонун жомокторду айтып бечү.
Балалык дегенде эле Балыкчыдагы бактылуу курагым менен Фрунзедеги кыйын турмуш эске түшөт. Азыр да Көлгө барганда Балыкчы шамалдан улам бозоруп, чаңы асманга сапырылып жатса да, жаан төгүп жатса да мага бейиштин төрүндөй көрүнөт. Бала кезде күн канча суук болбосун, барып көлгө бир чумкуп чыгууну жактырар элем. Эх, Балыкчынын боз ала чаңы, ай! Ошол күндөрүмдү сагынам.
“ТУРМУШКА ЧЫГУУГА МАЖБУР БОЛДУМ”
– Бой жетип, студент болчу күн да келип жетти. Москвадагы М.С.Щепкин атындагы театралдык жогорку окуу жайынан билим алуу бактысы маңдайыма жазылыптыр. Окуп калдым. Сабактар эң жогорку деңгээлде, кызыктуу өткөндүктөн, канчалык ооруп, дене табым 38 градус болуп жатса да сабакты калтырчу эмесмин. Тилекке каршы, 2-курста курсташым Абдумалик Шерматовго турмушка чыктым. Өзүнө ишенбегендир, мага асылып жүрүп, зордук көрсөткөнгө чейин барды. Мени күчкө салып турмушка чыгууга мажбур кылды. Кыз баланын табияты ошондой экен, көнүп кеттим. Күндөр өтүп, ал адамды мен да сүйүп кете алдым. Көп өтпөй жарык дүйнөгө эң кымбат адамым – кызым Мээрим келип, эне да болдум.
Окуубузду аяктагандан кийин бул жакка келип ишке орношуп калдык. Кызымды иним менен апам чоңойтуп жатышкан. Кыйынчылык турмуш ошондо башталды. Үй-бүлө, кайын журт, бала, жумуш дегендей. Баарынан да кыйыны жолдошумдун өтө эле кызганчаак болуп, себепсиз шектене бергени болду. Анча-мынча аялдар жеген күйөөнүн таягынан мен деле куру калган жокмун. Кол көтөрчү болгондо андан ары чыдай албасымды билип, ажырашып кеттим.
“ЧЫГАРМАЧЫЛЫК...”
– Кудай берген талант элден өзгөчөрөөк, бир аз бийигирээк болсо, бут тосуулар болот экен. Анын баарын жеңдим, азыр да андайларды жеңип келатам. Апам айтар эле, «болсоң эң алдыңкы актриса бол, болбосоң орто заар болуп театрда иштебей эле кой» деп. Бирок мен ойлойм, театр, кинодо мен өз ордумду таба алдым деп.
Кино жаатында эң биринчи ролум маңдайыма жазылган бактым экен, Ч.Айтматовдун “Бетме-бет” чыгармасы боюнча тартылган “Куш өмүр” тасмасындагы Сейденин образы болду. Андан бери аздыр-көптүр тасмаларга тартылып эле келем. Ал эми спектаклдерде студент кезден бери эле ойноп жүрөм. Театр сахнасында көксөп жүрүп жеткен образым Жульеттанын образы, ал эми таптакыр каалабай туруп ойногон ролум “Майраш” спектаклиндеги Майраштын ролу болду.
“ЖАЛГЫЗДЫК...”
– Ажырашкандан кийин жалгыздык менин жүрөгүмдү биротоло ээлеп алгандай болгон. Апам, иним жана кызымдын жардамы менен ал кыйынчылыкты жеңип кете алдым. Ошол кезде “экинчи турмушка чыкпайм. Андан көрө дос күтүп алып эле жашай берем” дегем. Антип да жашап көрдүм. Көрсө, ошондо оозумдан чалыныптырмын. Чыныгы тозок ошол экен. Сен экинчи сорттогу, четтеги адам катары саналып калат экенсиң. Бирөөнүн досу болуп жүргөн аялды поезддин станциясына окшоштурам. Поезд өз жолу менен баратып станцияга бир токтоп кеткендей. Ооба, ал сени сүйөт, ооба, сага чын дилинен мамиле кылат, бирок анын жашоосу башка жакта өтөт. Ал жашоодо сен жоксуң. Бул аялзаты үчүн бакыт эмес. Бир күнү мындай турмуштун дагы мага кереги жок экенин түшүндүм. Жылдарымдын көбүн өткөрүп жибериптирмин. Азыр ал күндөрдү эстесем, туура эмес кылганымды туям. Ошентсе да ал адам менин кызыма өз кызындай мамиле кылганына ыраазымын. Заманыбыздын кыз-келиндерине айтар элем, эч качан, эч качан андай жолго түшө көрбөгүлө. Андан бир гана кайгы-муң табасыңар.
“АЗЫРКЫ КҮНДӨ...”
– Кызым турмушка чыккандан кийин үйдө жалгыз калганыма байланыштуу үйүмдү сатып, апам менен инимдин үстүнө көчүп баргам. Жолдошум жок болгондуктан, иним Бакыт мага ата катары да, бир тууган катары да, күйөө катары да кеңешин берип, жөлөк-таягым болуп келет. Бакыттын балдары да мага жашоонун башкача кызыгын тартуулап келишет. Улуусу мени Шайырка десе, калган экөө чоң мама дешет.
Улуу неберем Темирлан үч жаштан ашты, ал эми экинчи наристесин кызым Мээрим мына үч-төрт күн мурун гана жарык дүйнөгө алып келди. Бала туура эмес жатып калгандыктан, операция жолу менен көз жарды. Ошол себептен ымыркайды төрөлөрү менен менин көкүрөгүмө жаткызышты. Мен ага ырдап бердим, аны менен сүйлөштүм. Айтор, эң бактылуу көз ирмемдер өтүүдө.
“ТУРМУШКА ЧЫГАР КҮНҮМ ЖАКЫН ДЕП ОЙЛОЙМ”
– Жалгыз бой аял болгон соң, анын үстүнө элге таанылып калгандан кийин турмушка чык деген сунуштар өтө эле көп болот экен. Экинчи аял болууну сурагандары канча. Андайды элестете да албайм. Турмушка чыкканда балалуу болосуң. Анан Жаңы жыл күнү ал адам өз үй-бүлөсү менен болсо, экинчи жубайына эртеси келет да. Мындайда бала эле кыйналып калат эмеспи. Анын үстүнө бирөөнүн көз жашынан бактыңды кура албайсың демекмин. Турмуш деген оюнчук эмес. “Жети өлчөп, бир кес” деген бар да. Көп жылдардан бери өлчөп эле келатам, бирок таптакыр кесе албай койдум. Турмушка чыгар күнүм жакын калды окшойт деп ойлоп калам. Жакшысы, аны болгондон кийин “мен баланчага турмушка чыктым” деп айтайын.
“АЯБАЙ ЫЙЛААК ЖАНМЫН”
– Кичинемден эле аябай ыйлаак жанмын. Ата-энемдин ажырашуусуна, өзүмдүн үй-бүлөмдүн бузулганына, театрда мен ойногон каармандардын тагдырына кайгырып ыйлап эле келем. Бирок керектүү жерде кайраттуу болуу колумдан келет.
Сулуулукту, жаштыкты сактап калуум керек деп жанымды карч урбайм. Кудайдын берген сулуулугуна, талантына тобо деп эле келем.
Жан дүйнөмө азыкты Тоорат, Инжил китептеринен алам. Бул китептерди кайталап окуудан эч тажабайм. Анан да бош боло калганда бала кезимден калган дагы бир шыгым – кийим токуу. Өз жакындарымдан тышкары кээде сурангандарга токуп берип коймоюм да бар. Бизнесим, материалдык жактан ашыкча каражатым жок. Кара тер менен тапкан маянама эле жашап келе жатам.
Чолпон Сүйүнбаева
lira@super.kg