Мурун эле “гей” деген сөздүн өзүн айтууга тил бурулчу эмес. Байкасак, азыр бул сөз популярдуулуктун туу чокусуна жеткенсийт. Сахнага кандай тамаша коюлбасын, экөөнүн бири гейлер тууралуу. Теледе, басма сөздө да ачык-айрым эле “жигитмин, жигиттер менен таанышам” деген жарнамалардын жайнаганын айтпай эле коёлу. Сөздү тээ узунунан баштап калганыбыз да бекеринен эмес...
ЭСКЕРТҮҮ:
Макала нерви жукаларга сунушталбайт!
Алгач сөздү атпай журтка таанымал болуп калган кээ бир инсандарга “гей” деген сөз эмне болуп чапташып калганынан баштайлы. Миң кишиден уккандан көрө, өз оозунан бир уккан дурус.
Кумар Асанов, ырчы:
“АКТАНГЫМ ДЕЛЕ КЕЛБЕЙТ”
– “Гей” деген сөз бизде кичине аты чыгып калган жигиттерди баткакка түртүп, тепселөө максатында колдонулуп калды. Айрыкча чыгармачыл адамдарга карата көп айтылат. “Стильно” карап же ачык кийим кийип, төшүңдү көрсөтүп койсоң эле “гей” деген этикетканы чаптап салышат. Менин актангым деле келбейт. Ойлонуп көрсөм, кээ бир жеңил ойлуу адамдардын эле оозунун жели экен. Тегерегимдеги адамдардын баары эле билишет, менин кандай адам экенимди.
Алексей Филатов, телеалпаруучу:
“30 ЖАШКА ЧЫККАНДА ҮЙЛӨНӨМ”
– Эскирип бүткөн ушак. Ким мен тууралуу кандай ойдо, алардын баш оорусу. Мага баары бир. Мен эл катары жакшынакай эле жашоомду сүрүп жатам. Менде баары жайында, кам санабай эле коюшсун. Кыздар менен мамилем деле сонун. Сүйгөнүм да бар. Аны менен жети жылдан кийин баш кошом. Мен өзүмө сөз бергем, 30га чыкканда үйлөнөм деп.
Олег Беда, модельер-дизайнер:
“ТӨРТ ЖЫЛ БОЛДУ, БИР АДАМ МЕНЕН ЖАШАЙМ”
– Эң биринчиден, мен чыгармачыл адаммын. Ал эми жогоруда айтылып жаткан категориядагы адамдардын катарына кирбейм. Бирок мен гей деп эле алар менен сүйлөшпөй койбойм. Алар деле адам да. Ар бир инсандын жашоодо өз тандоосу болот. Ошол себептен гейлерге деле түз көз караштамын. Мен гей эмесмин, төрт жыл болду, бир адам менен жашап жатканыма. Мага карата айтылган сөздөрдүн баарын куру бекер кагылган коңгуроо деп айтам.
Нурбек Дайырбек уулу, ырчы:
“НЕЖНЫЙ” БОЛГОН ҮЧҮН...”
– Билбейм, мага эмне үчүн мындай сөздөр жабышып жүргөнүн. Балким, мен кичине “нежный” болгондуктан айтып жүрүшсө керек... Эгерде ким мени ошентип айтса, өзү ошондой! Ошол киши келип менин өзүмдөн сурасын.
Улуу муун, орто муунга “Мындай түшүнүк ошол кезде бар беле?” деген суроо салып, төмөндөгүдөй ойлорго ортоктош болдук.
Асылбек Өзүбеков, ырчы, актёр:
“МОНЧОДОН АЙЛАНЫ АЛТЫ КЕТИРИП...”
– Биз жаш кезде бул нерсени билчү эмеспиз. Болгону, кичине чоёктогон балдарды “кыз теке” деп калчубуз. Мунун аябай жаман сөз экенин билчүбүз, бирок кыз текелер кандай болорун деле билчү эмеспиз. Азыр бул тема ачыкка чыгып, баары эле билишет. Биз жүргөн шоу чөйрөдө деле ошондой адамдар бар. Ачык эле сөз кылып, “тээтиги” деп көрсөтүп калышат.
Ташкентте окуп жүргөндө бир жигит мончодон “аркаңды сүртүп берейинчи?..” деп кайра-кайра айланы алты кетире тийишкенде чачым бир тик турган. Эми бул жактан жакындашып жүргөндөрдү билем, бирок аларды айтпай эле коёюн, ха-ха!..
Бактияр Токторов, ырчы:
“КОЛДОН КЕЛСЕ КАЧУУ КЕРЕК”
– Кайсы сөздү көп колдонсок, ошондой нерсе жабышат. Ошол себептен бул сөздүн өзүн колдонуудан качышыбыз керек. Батыштын бардык жаман адат-жоруктары бизге жугуп жатат. Учурда эки тамашанын бири эле ушул тема. Айтар элем, элди күлдүрүш үчүн бул нерсени колдонуудан качалы.
Тынай Алыбаев, ырчы:
“АЛАРДЫ КАРМАП КӨРГӨН ЭМЕСМИН”
– Гейлер илгертен эле бар болчу. Мен гейлерди колдойм же көргөндө кыжырым келет деп айтпайм. Алар – оорукчан адамдар. Азыр мындайлар аябай көп. Бирок мен андайларды көрүп, кармаган эмесмин. Ким билет, балким, билинбей жүргөндөр да бардыр...
“Тамашоудо” гей темасы “талкаланат”. Алардын эки тамашасынын бири гейлер тууралуу.
Куба, “Тамашоунун” “Юристтер” командасынын оюнчусу:
“ЭРКЕК МЕНЕН ЭРКЕК ЖАШАП АЛСА КАЙДАГЫ ТУЯК?!”
– Негизи, бул кыргыздын менталитетине жатпаган нерсе. Эркек бул жашоого артына туяк калтыруу үчүн келет. Анан эркек менен эркек жашап алса кайдагы туяк?! Эмне үчүн Кудай аялзатын жаратты? Биздин бул нерсени сахнага алып чыгып жатканыбыздын себеби – тамаша аркылуу болсо да “ойлонгула!” дегенибиз.
Самат, “Ак-Өргө city” командасынын оюнчусу:
“АЛАРГА ЖОЛУКПАЙ ЭЛЕ КОЁЮНЧУ, КОРКОМ”
– Гейлердин кебетесин өз көзүм менен көргөн эмесмин. Аларга жолукпай эле коёюнчу, корком. “Гейлер кыздарга окшош болушат” деген сөздөрдөн улам эле кыздардын манераларын туурап сахнага чыгып жүрөм. Биздин командабызда Азык деген бала бар, кызга окшогон. Аны деле тамашалап гей деп айта беребиз. Кызга окшогондордун баарын эле гей деп тамашалап калабыз.
Кубаныч, “KG 77” командасынын оюнчусу:
“ГЕЙ ТЕМАСЫ АКТУАЛДУУ”
– Учурда гей темасы актуалдуу болуп кетти. Мисалы, сыналгыдан кино түгүл, гейлер тууралуу мультфильмдерди да көрсөтүп калат. Анан аны көргөн бөбөктөр оюн көрүп жүрүп деле тарбиясы ошол жакка бурулуп кетиши мүмкүн да. Кудай сактасын андан, кыргыз элимди!
P.S. Кыргызга мындай түшүнүктүн кереги жок. Мындай жорук биздин эркектерден алыс качсын, тфү-тфү-тфү...
Бахияна Сатылганова
star@super.kg