ЧЫПАЛАКТЫН КУНУ КАНЧА?

Бишкек шаарынын четинде жайгашкан Беш-Күңгөй айылында 1000 сом бербегендиги үчүн эки жигит 60 жаштагы абышканын чыпалагын кесип салышкан. Милиция кызматкерлери бул кылмышка шектүү катары ошол эле айылдын 19 жаштагы тургунун кармашты, ал эми экинчиси издөөдө.

"Бир жарым миң сом талап кылып,
мына моминтип муунутушту".

“ҮЙДҮН ИЧИ БҮТ КАН ЭКЕН”
Алишер бир нече жыл мурун эптеп мектепти аяктап, акыркы күндөрү талаа жумуштарында иштеп жүргөн. 2009-жылы уурулук менен кармалып, бирок жашы жете электиги сот жазасынан сактап калган. Бул сапар кылмышы үчүн ага Кылмыш жана жаза кодексинин 168-беренеси (каракчылык) боюнча кылмыш иши козголуп, учурда ал убактылуу кармоочу жайда. Окуя болгон жерге, Беш-Күңгөйдөгү Түркмөн аксакалдын үйүнө барсак, жеңеси Алиман Эрибаева бар экен. Ал билгенин төмөнкүчө божурап отурду:
– Ошол убакта үйдө отурган элек. Анан эле кошуна аял келип “бирөөлөр Түркмөндүн колун кесип кетиптир” деди эле, абышкам экөөбүз чуркап жетип бардык. Барсак, Түркмөн эшиктин алдында отуруптур. Үйдүн ичи бүт кан экен. Кошуналар да келип тегеректеп калышыптыр. Мен анын жанында карап отургуча абышкам милиция чакырып келди. Колун кескен баланы деле тааныйбыз, ылдыйкы көчөдө жашайт. Милиция үйүнө барып кармап кетиптир, биз да барып көрсөтмө берип келдик.

“МАНЖА КАДИМКИДЕЙ СЕКИРЕТ ЭКЕН”
Жапа чеккен Түркмөн Чылпакбаевге ооруканада жаткан жеринен барып жолуктук. Окуя кандай болгону тууралуу мындайча баяндап берди:
– Мен II топтогу майыпмын, балам да оорукчан (талмасы бар). Аны көчөгө ойноп келүүгө чыгарып, казанга картөшкө асып коюп сырттагы керебетте отургам. Ошол күнү пенсия алгам, аны тигилер көрсө керек. Анан эле бирөөлөр келип дарбазаны тыкылдатып калышты. Дарбазанын тешигинен карасам, эки мас бала туруптур. Эмне керек экенин сурасам, “байке, ачып коюңуз, жумуштарыбыз бар эле” дешти. “Мас экенсиңер” деп ачпай койсом, дарбазаны ашып түшүп кирип келишти. Кирип эле “байке, сиз бүгүн пенсия алыпсыз, бизге 1500 сом акча бериңиз” дешти. “Азыр акчам жок, жаңы эле светке төлөп келдим, ишенбесеңер мына” деп күрмөмдүн чөнтөгүндөгү квитокту көрсөттүм. Алар квитокту майдалап тытып салышты да, “акча бересиң” деп муунтуп, тепкилеп киришти. Үстүңкү тиштерим мурунтан эле жок болчу, башыма тепкилеген убакта астыңкы сегиз тишим түшүп калыптыр. Анан бирөөсү бир колумду кайрып, башымды бурап турду, экинчиси экинчи колумду кармап мештин үстүнө коюп, бычак менен чыпалагымды түбүнөн кесип салды.
Карасам, сөөгү көрүнө түштү. Ал эми жерге түшкөн чыпалагым секирип жатыптыр, ошондо көрдүм манжанын секире тургандыгын. Үй ичинен акча издеп башташты, тебетейге акча кыстарып койчумун, аны кичинесинде келип жүргөндө көрүп жүрчү экен. Үй ичин тинтип акча таппай койгондон кийин кайра тепкилеп кирди. Анан бычакты мештин кырына курчутуп, “эми экинчи колуңду билегиңен кесебиз” деп киришти. Аларды “кошуналарымдан акча сурап берейин” деп эптеп көндүрүп, колумду жаман чүпүрөк менен таңып алып көчөгө чыктым. Үйдөн чыгып кошуналарымды чакырып келсем, тиги экөө качып жөнөштү. Алар менден кийин барышып 75 жаштагы кемпирди да 1000 сом сурап сабашыптыр.
Мен Алишерди кичинесинен тааныйм, атасы жок, энеси менен жашайт. Үйгө келип, кетмен-күрөгүн таптатып кетчү, балта-арааны да сурап кетчү. Кечээ Алишердин таежеси көйнөк ала келип кийгизип, сакал-мурутумду алып берип, “эми мына бу кагазга кол коюп бериңиз, балдар СИЗОдо кыйналып жатышат” дейт. Өткөндө келип 500 сомго дары алып берип кеткен, ал дарысы да түгөндү. Мага да, балама да дарыланууга акча керек болуп жатат.

Эң коркунучтуусу, арзыбаган акчага Түркмөн аксакал “доом жок” деп арызын алып коюшу да толук мүмкүн. Акча жок, бирок колунда дагы көп манжалары бар эмеспи. “Мындай өз эмгеги менен тамак таап жей албай, карыган чалдын пенсиясын аңдыган жигиттердин эртеңки жашоосу кандай болот? Кантип үй-бүлөнүн ээси, баланын атасы болот?” деген ой көңүлдөрдү эзип турду.

Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
Репортаж - Чыпалактын куну канча?
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (8)
Elijanka88
2011-10-31 12:36:17
Акмак, мыкаачы
0
Zamira
2011-11-01 12:25:29
Ач-жыңалаш,жапайылар!!! Ушул кантип болсун,миң сом үчүн чоң атасындай болгон кишини тоноп,анан да жөн кетип калбай чыпалагын кесип ыргытып...Жыргабай калгыла! Кудай жазаңарды берсин!
0
monchok
2011-11-03 12:59:22
Мындай мыкаачыларды СИЗОдон чыгарбаш керек кеминде 10жылга кесиш керек.адам болбойт бул балдар.
0
TROYA
2011-11-06 19:05:53
men azyr korea respublikasynda ishtep jurgon kezim super arkyluu ushundai aianychtuu janan okunchtuu okuialardy okup je korgondo mende bir idea paida bolup ketet ushundai bei becharalarga jardam bergen kyrgyzdyn bir patriot baldary jyiylyp turup ozubuzcho bir komanda bolup turup ushundai akmaktar menen kuroshuunu oilop jurom bulardy miliciaga berbei ele jok kylyp tashtash kerek birok bir soz meni oilontup kelet jakshy oi jaman ishti jakshy kyla albait degen.
0
almaz1979
2011-11-07 18:11:41
bashynardy jep kalgyrlar
0
Zarina.S.1998
2011-11-08 16:45:39
айбан-это нито слова!
0
Bishkek
2011-11-17 01:43:06
jasho emne bolup baratat
0
stepboy
2011-12-10 19:04:17
жаштардын келечеги мындай болсо дальше эмне болот
0
№ 469, 28-октябрь - 3-ноябрь, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан