СЕКЕЛЕКТИ АЛДАП...
Үстүбүздөгү жылдын 20-сентябры 13 жаштагы Айдай (белгилүү себептерден улам аты өзгөртүлдү) үчүн өмүрүндөгү эң каргашалуу күн болуп калды. Ал адаттагыдай эле мектептен чыгып, үйүнө кетүү үчүн маршруттук такси күтүп турган. Аңгыча жанына кызыл түстөгү Жигули автоунаасы токтоп, айдоочусу кызды бара турган жерине жеткирип коёрун айтат. Кызды чочутпайын деп, ата-энесин таанырын да айтканда Айдай өзүн эмне күтүп турганын билбей машинага түшөт.
Автоунаа ордунан козголор замат айдоочу катуу айдап жөнөйт. Жол боюндагы дүкөндүн жанына токтоп, бир бөтөлкө сыра алып, тоону көздөй бурулат. Ошондо гана коркуп кеткен Айдай айдоочуга жалынат. Ал Айдайды ачык эле коркутканга өтүп, эгер тынчтанбаса, өлтүрүп коёрун да эскертет. 16-түзөтүү колониясы тараптагы тоого алып барат да, Айдайдын тамагына бычак такап коркутуп, зордуктап салат. Өз ишин бүтүргөн эргул кызды ошол эле жерге таштап, өзү машинасы менен кете берген. Кийимдери жыртылган, шок абалындагы Айдайды бейтааныш адамдар көрүп калып милиция чакырышкан.
ҮЧҮНЧҮ НОМЕР – КЫЛМЫШКЕР
Кылмышка күбө болгондорду издөө жыйынтык алып келбесин түшүнгөн милиция кызматкерлери Айдайдан кылмышкердин өңү-башын тактоосун суранышкан. Бирок психикалык жактан катуу жабыркап, кыйын абалда турган Айдай өзүн кордогон адамдын канча жаштарда, анын жүзү кандай, кайсы үлгүдөгү жана кандай түстөгү автоунаа экенин айтып бере албай койгон.
Кызды эч ким жок ээн талаага алып келгенине караганда, кылмышкер бул аймакты жакшы билгендигин түшүнгөн милиция кызматкерлери аны тегеректеги айылдардан издеп башташат. Алгач ушуга окшогон кылмыштар менен соттолуп чыккандарды текшерип көрүүнү чечишет да, алардын ар биринин ошол күнү кайда болгондугун изилдеп чыгышат. Алардын ичинен Москва районундагы Александровка айылынын 29 жаштагы тургуну, дунган улутундагы Давуза Эдир Юнуровичке өзгөчө шек түшөт. Себеби ал мурун уурулук жана зордуктоо беренелери менен отуруп чыккан экен.
Милиция кызматкерлери Давузаны зордукталган Айдайга көрсөтүшөт. Аны менен чогуу дагы эки адамды отургузуп, колдоруна бирден үчкө чейинки сандарды карматышып, Айдайды киргизишет. Кабинетке кирген Айдай үчүнчү номердеги санды кармап турган Давузаны көрүп титиреп ыйлап жиберген. Айдайды апасы араң тынчтандыргандан кийин гана ал өзүн зордуктаган кылмышкерди таанып, отургандардын арасынан аны көрсөтүп берген. Жаш кыздын тагдырын талкалаган зөөкүр колго түшүп, күнөөлөрүн мойнуна алганга аргасыз болду.
Бул кылмыш боюнча Чүй ОИИБинин басма сөз кызматынын кызматкери Нурбек Токтосунов төмөнкүлөрдү айтып берди:
– 2011-жылы 20-сентябрда болжол менен кечки саат алтыларда мурун зордуктоо, уурулук фактылары менен соттолуп чыккан, 1982-жылы туулган Давуза Эдир Юнурович Беловодск-Төмөн-Суу жолунда 1998-жылы туулган өспүрүм кызды бычак менен коркутуп, анын алсыздыгынан пайдаланып, уруп-согуп зордуктаган.
Учурда Давуза Эдир кармалып, кылган кылмышын мойнуна алды. Анын үстүнөн Москва РИИБинин тергөө бөлүмү тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш жана жаза кодексинин 129-берене (зордуктоо) жана 130-беренеси (сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер, «өлтүрөм» деп коркутуу менен коштолгондо, 14 жашка толо электиги белгилүү болгон адамга карата жасалганда) боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
ПЕДОФИЛДЕРДИ БЫЧЫП САЛУУ КЕРЕКПИ?
Педофилия – психикалык оору, жынысына карабай жаш балдар менен жыныстык катнашка барууну каалоо. Мындайга көбүнчө мурун өзү да ушундай кордукту көргөн адамдар барышат. Өнүккөн өлкөлөрдүн көпчүлүгүндө педофилдерге коомчулук катуу чара көрүшөт. Мисалы, Англияда педофилдерге бала бакча, мектептердин жанында жашоого тыюу салынган. Америкада эл жашаган аймакта педофил пайда болуп калса, анын сүрөтүн бүт шаар ичине илип коюшат. Ал жашаган үйгө да “бул жерде педофил жашайт, ата-энелер, сак болгула” деген такта кагылат.
Ал эми кээ бир мусулман өлкөлөрүндө аларды кыйнап өлтүрүшөт. Мисалы, Сауд Арабияда 22 жаштагы рецидивист-педофилди эл алдында башын алып, эл көрсүн үчүн ашташкан жыгачка (крестке) кагып салышкан.
Орусиянын депутаттары үстүбүздөгү жылдын 4-октябрында педофилдерди жазага тартууну катуулатуу тууралуу мыйзамды кабыл алышты. Анда 14 жашка чейинки балдарды зордуктаган педофилдер өмүр бою түрмөгө камалышы мүмкүн. Мындан сырткары алардын шарттуу түрдө кесилишине жана жаза мөөнөтүн кыскартууга тыюу салынды. Коңшу Казакстанда “педофилдерди химиялык жол менен бычып салуу керек” деген мыйзам долбоору киргизилип жатат. Ал эми бизде педофилдер үчүн атайын мыйзам жок. Акыркы күндөрү Кыргызстанда ушундай фактылар өтө көп катталууда.
Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg