ОҢТОЙСУЗ СУРООЛОРГО ОҢТОЙЛУУ ЖООП

Миллион еврого “Playboy” журналына тартылат белең?

Ырчы Кундуз:

– Ой, жо-ок! Мага демектен “андан да көп акча берем” дешсин. Эгерде макулдугумду алуу үчүн “тартыласың же өлтүрөбүз” дешсе, «лучше өлтүргүлө» демекмин. Кыргыздар үчүн денесин көрсөтүү абдан ыплас деп эсептейм. Дегеле, “мен мусулманмын” дегендердин баарына бул тууралуу ойлонуунун өзү да туура эмес.

Молдокматованы чакырган жериңизге барбай койгондугу үчүн жумуш­тан алды­ңызбы?

УТРКнын башкы директору

Мелис Эшимканов:

– Мен жооп бере албайм, карындашым. Убактым жок. (Биздин суроону аягына чейин чыдамсыздана угуп туруп, трубканы коюп салды).

Ассолдун кызмат ордун сунуш кылышса, макул болосузбу?

Ырчы Асел Турдалиева:

– А эмнеге бул суроону мага берип жа­та­сыңар? Менин өзүмдүн жакшынакай жумушум бар. Кудай ошону эле буюрсун. Мага мындай жумушту сунуштаган учурда да не надо мне эта работа.

Концертиңизди сындаган Толик сынчыны атып кетем деген оюңуздан кайта элексизби?

Куудул Борончу:

– Эч качан кайтпайм! Мергенчилик жайым да бар . Мылтыгымды да дайыма жаныма алып жүрөм. Толик сынчыны издеп тапсам эле атып кетем. Бирок, кызбы же эркекпи, билбей жүрөм. Эгер кыз болсо, ага да жаза табам. Иши кылып Толик сынчы менден бирди көрөт. Буюрса, алдыда дагы деле концерттер болот. Аларга койгон сындарын да байкайм.

Эмне үчүн Көбүнчө телеалпаруучулар экинчи, үчүнчү аял болууга макул болушат?

Телеалпаруучу Айдай Самиева:

– Кечиресиз, мындай суроого жооп бере албайм.

Телеалпаруучу Кыял Шаршеева:

– Кандай чечим кабыл алгысы келсе, ар кимдин өзүнүн иши. Ал эми экинчи аял болууга макул болгондор – жеңил жашоону каалагандар. Негизи, күйөөңдү эч ким менен бөлүшпөй эле коюуга не жетсин.

Атай Огонбаев ким болгон?

Ырчы Султан Садыралиев:

– Таластан чыккан булбулду,

Ким билбейт Атай кургурду.

Элүүгө чыкпай кетсе да,

Өнөрү жашайт миң жылы.

Менин жообум ушул. Анткени, бул саптарда баары айтылган.

100 миң тонна ун алып, Африка өңдүү өлкөлөргө жардам берүүгө Кыргызстандын чамасы жетеби?

Мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резерв боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Рахманов Пайзыллабек Паязбекович:

– Азырынча алы жетпейт. Ал эми айта кетейин, учурда Балыкчыда сакталып жаткан Кытайдан алынып келинген ундар Москвадан текшерилип, натыйжада, таза болуп чыкты. Эми ал ундарды өкмөт кайсы жакка бер десе, ошол жакка жөнөтөбүз.

Үй алдың, эми качан кожойкелүү болосуң?

Ырчы Ильяз

Абдыразаков:

– Үй алсам эле үйлөнүп алмак белем?! Бул, балким, он жылдан кийин болушу мүмкүн. Азыр үйлөнгүм деле келбейт. Кыздарга “токмун”. Ха-ха-ха...

Кыргыз кызга үйлөнөт белеңиз?

Спортчу Ален Офойо:

– Ооба, кыргыз кызын сү­йүп калсам сөзсүз үйлөн­мөкмүн. Бирок, мен жакында татар кызына үйлөнүп алдым.

Бетти даярдаган
Бахияна Сатылганова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 319, 12 - 18-декабрь, 2008-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан