Легендарлуу Мэрилин Монронун жашыл түстөгү көйнөгү Кытайда 504 миң долларга сатылды. Эске салсак, актриса ушул көйнөгүн кийип, 1954-жылы “Артка карай акпаган дарыя” деген тасмада кумарпоздун аялынын ролун аткарган. 2011-жылдын июнь айында актрисанын дагы бир күмүш түстөгү көйнөгү АКШда 4,6 миллион долларга сатылган эле.