Атактууларды жылаңач жүргөн кезде байкатпай сүрөткө тартып алуу адат болуп калган көрүнөт. Дегенибиз, папарацци өкүлдөрүнүн дагы бир капканына 77 жаштагы актриса – Софи Лорен түштү. Учурда актрисанын жылаңач сүрөттөрү интернет булактарында активдүү сынга алынып жаткан кези. Мындай сүрөттү алар Софи вилласында эс алып, күнгө кактанып жаткан жеринен тартып алышкан.