“Sony Pictures” компаниясы беделдүү cценарист, “Оскар” сыйлыгынын ээси Аарон Соркинге Стив Жобс жөнүндө тартыла турган биографиялык фильмге сценарий жазып берүүсүн суранды. Фильм Уолтер Исааксондун “Стив Жобс” деген китебинин негизинде тартылмачы. Аталган биографиялык китепти Стив өзү кубаттап, жарыкка чыгарууга макулдугун берген.