Сүймөнкул Чокморов атындагы фонд тарабынан уюштурулган марафон Кыргызстандын аймактарында болуп өттү. Бул марафон жер-жерлерде таланттуу сүрөтчүнү эскерүү жана анын эстелигине каражат топтоо максатында уюштурулган. Марафондун жыйынтыгы 2-ноябрда Кыргыз улуттук университетинде өтүп, чогулган каражаттын эсебинен кыргыз киносунун кайталангыс талантына мемориалдык комплекс курулат.