Ливияны 42 жыл башкарган лидерди көтөрүлүшчүлөр уруп-тепкилеп, сүйрөп жүрүп өлтүргөнүн телеканалдар көрсөтүштү. Расмий бийлик мүчөлөрү “Каддафи атышуу учурунда октон каза тапты” деп билдирүү жасады.
20-октябрда Ливиянын лидери болуп турган Муаммар Каддафи туулуп-өскөн Сирт шаары Улуттук өткөөл кеңешинин аскерлери тарабынан курчоого алынып, эки тараптуу кагылышуу башталган. Унаалар жараксыз абалга келгендиктен, шаарда жашынган Каддафи жана бир топ бийлик мүчөлөрү жөө качууга аргасыз болушкан. Бул тууралуу ошол убакта аны менен бирге болгон мурунку Ички коопсуздук кызматынын башчысы Мансур Доу колго түшкөн соң айтып берди. “Каддафи акыркы күндөрү абдан тынчсызданганына карабастан, аскер адамы катары токтоолукту көрсөттү”,- дейт ал.
Каддафинин өлүмү тууралуу Ливиянын Улуттук өткөөл кеңеши Сирт үчүн согушуу учурунда кагылышуу ортосунда калып, октон каза тапканын билдиришкен. Дагы бир вариантка ылайык, жөө качып бара жатып эки бутунан жарадар болуп, бункерде жашынып жаткан жеринен көтөрүлүшчүлөр тарабынан кармалып, ур-токмоктон каза тапкан. Экинчи версия боюнча, Сирттен качып кетип жаткан 30-70ге жакын унаа кербенине НАТОнун аскерлери ок ачышкан. Жарадар болгон Каддафи андан ары учурдагы бийликтин аскерлеринин чабуулуна кабылып, өзүнүн жанында болгон эки алтын мылтыктын бирөөсүнөн, 20 жаштагы көтөрүлүшчүнүн колунан жан берген. Бирок азыркы убакытка чейин Каддафи кантип каза тапканы тууралуу так маалымат жок.
Анын чындыгында эле көз жумгандыгынын далили катары Улуттук өткөөл кеңеши Каддафинин сөөгүн Мисурат шаарындагы дүкөндөрдүн бириндеги муздаткычка салып, каалоочулар келип көрүп кетүүсүнө уруксат берген. Ошондой эле уулу Мутасимдин сөөгү да ошол жерге көрсөтмөгө коюлган. Мусулман дининде бир күндүн ичинде сөөк жерге берилиш керек. Бирок өкмөт кайсы жерге көмүү боюнча келишимге келе албагандыктан, сөөк 20-24-октябрь күндөрү дүкөндө турган. Каддафинин туугандары анын сөөгүн берүүнү суранышып Бириккен Улуттар Уюмуна чейин кайрылышкан. Бирок жаңы бийлик дароо берилбесин айтып, ошол эле учурда эч ким билбеген жерге көмүлөрүн да билдирген. “Каддафинин мүрзөсү аны колдоочулардын сыйынуу жерине айланбашы үчүн көрүлгөн чара”,- дейт Ливиянын Улуттук өткөөл кеңешинин премьер-министри Махмуд Жибрил. Ошол эле учурда 24-октябрда дүкөндөн белгисиз тарапка жөнөтүлгөн Каддафинин сөөгү какыраган чөлгө көмүлөрү гана билдирилди. Экс-лидерди колдогондор терең ыйга батып отурушса, көтөрүлүшчүлөр Каддафинин өлгөнүн угуп, колдоруна желек жана мылтык алып көчөгө жеңишти майрамдап чыгышкан.
Ливиянын Улуттук өткөөл кеңешинин алдында жаңы башкаруу бийлигин түзүп, өлкөнүн Баш мыйзамын жаңыдан жазып, өлкөдөгү алгачкы жолу боло турган эркин шайлоого даярдануу иштери турат.
Эске салсак, Ливияда жарандык согуш 2011-жылдын февраль айында башталып, Каддафинин өлүмү менен аяктады.
Турдугүл Каримова
politika@super.kg