МЕН ТЯНЬ-ШАНЬ

Режиссёру – Ирина Поплавская
Сценарийин жазган – Чыўгыз Айтматов
Операторлор – Кыдыржан Кыдыралиев, Валерий Шувалов
Ролдордо: Ильяс – Дүйшөн Байдөбөтов, Асел – Динара Чочунбаева, Кадича – Назира Мамбетова, Бектемир – Сүймөнкул Чокморов
Кыскача Мазмуну
Жетим балдар үйүндө чоўойгон Ильяс аскерден келген соў азыркы Балыкчы шаарындагы (мурунку Рыбачье) автобазага айдоочу болуп кирет. Бир жолу айылдын четинен Ильястын машинасы бузулуп калат. Ошондо Асел аттуу жаш кыз менен таанышат. Буга чейин Ильяс автобазадагы диспетчер Кадича менен жакшы мамиледе жүргөн. Аселге жолукканы ага анча маани бербей, ой-кыялынын баары жаўы таанышкан кызга бурулат. Бирок, Аселди ата-энеси башкага кудалап койгон. Өз бактысы үчүн күрөшкөн кыз ата-энесинин каарынан коркпой, "кийин мени ата-энем түшүнүп, кечиришсе болду" деп Ильясты ээрчип кете берет.
Ошол учурда Токтогул ГЭСин куруу иштери күч алат. Ал жакка айдоочулар Төө-Ашуу аркылуу контейнер алып барышат. Жаштыктын илебинде күчү ашып-ташып турган Ильяс автобазанын уруксаты жок болсо да, диспетчер Кадичадан жолдомо алып, Төө-Ашууга машинасына прицеп чиркеп контейнер алып чыгат. Ильястын прицеби тоголонуп, ойлогон ою ишке ашпай калат. Ошондон тарта ал кесиптештеринин арасында өзүн жаман сезип, арак ичип, Кадичанын азгырыгына кирет. Үйүнө да көп барбай, барса да Аселге колу тийчү болот. Ал убакта баласы Самат да там-туў басып, тили чыгып калган. Ильясты көрө албагандар анын Кадича менен болгон мамилесин Аселге жеткирүүгө үлгүрүшөт. Ошондон улам жылуу очок бузулуп, Асел баласы Саматты алып үйдөн кетип калат. Жолдон өзүнөн бир топ жаш улуу Бектемирге жолугуп, аны менен бир үйдө туруп калат. Кийин Ильяс бир кездеги кызыл жоолук жалжалын көрөт. Анда баары кеч болуп калган.
Кино кантип тартылган?
Фильмди тартуучулар кыргыз элинин дүйнөгө болгон көз карашын, рухий күчүн, мүнөздөрүн ачып берүүнү негизги максат кылышкан. «Мосфильм» тарткан бул фильмдин алгачкы съёмкалары 1971-жылы октябрда башталат. Тасманын негизги бөлүгү Балыкчы шаарында, Төө-Ашуу, Долон ашууларында, үйдүн ичиндеги окуялар Москвадагы павильондо тартылган. Бир жыл ичинде тартылып бүткөн тасманын бет ачары 1972-жылдын октябрь айында борбордогу «Россия» кинотеатрында болгон. Баса, "Кызыл жоолук жалжалым" повестинин негизинде "Ашуу" фильми да тартылган. Бирок, ал "Мен Тянь-Шандын" ийгилигин кайталай алган эмес.
Асел – Динара Чочунбаева:
– Ал кезде болгону, 13 жашта элем. Көчөдөн эле кино тартуучу топ "чоў кыз, киного тартылгыў келеби?" деп издеп жүрүшүптүр. Мындай сунуш мага да айтылды. Фотопробадан өтүп кеткенден кийин үйгө келип таежелериме айтсам, алар "сен кантип өтмөк элеў" деп шылдыўдашты. Ал гана эмес, жакында эле бир курсташыма жолуксам, "тасмада сен жаўы эле айылдан келген жапжаш кызсыў" деп жатпайбы. Унчукпай ичимден күлүп калдым. Чынында, мен айылдан келбей эле шаарда төрөлүп-өскөн кызмын да. Бирок, чачым узун, өўүм капкара, сөөгүм ичке, эркекке окшоп баскан кыз элем. Киного тартылгысы келген 3000 кыздын сүрөттөрүнүн ичинен оператор Кыдыржан Кыдыралиев мени тандаган экен. Кинопробага катышканы барсам, оператор Кыдыржан байке "мобу сүрөттөгү сенсиўби?" деп тааныбайт десеў. Алардын тааныбай жатканына караганда сүрөткө сулуу болуп түшөт окшойм. Мен баарынан Саматка энелик мээрим менен мамиле кыла албай кыйналгам. Өспүрүм кызда кайдагы энелик мээрим?! Операторлор "баланы жетелеп баратканда артыўды карап койсоў боло" деп урушушар эле. Көрсө, баланы өзүмдүн арышым менен сүй­рөп жөнөчү экенмин. Ошондон улам бир жумага Балыкчыдагы балдар бакчасына жиберишти.
Кино чыккандан кийин көчөдөн көргөндөр "Асел эже" дей беришчү. Чынында, менин Аселдикине окшобогон көз карашым бар эле да. Асел балалуу, токтолуп калган келин болсо, мен өспүрүм кыз дегендей. Бирок, 25ке чыгып балалуу болгондон кийин Аселдин образын толу к кабыл алдым.
Мындан 3-4 жыл мурун жол кырсыгына туш болгом. Ошондо мени көргөнү бир автобус киши келишиптир. Дарбаза тыкылдаганынан балам чыкса, "Асел жол кырсыгына туш болду деп уктук. Ушул жерде жашайбы?" дешиптир. Кишини көп жактырбаган балам: "Ал тигил жакта жашайт",- деп такыр башка жакка кетирип жибериптир.
Асел бул турмушта...
Динара Чочунбаева Көркөм сүрөт окуу жайын бүткөндөн кийин Москвадагы полиграфиялык институтту аяктаган. "Кыргызстан" басмаканасында эки жыл иштеген соў 1986-жылы "Балдарга эстетикалык тарбия берүү борборун" ачып, ал жерде 16 жыл директор болуп эмгектенген. Учурда уз-чеберлердин башын кошуп, көргөзмө уюштуруу менен алек. Эки уул, бир кыздын энеси. Азырынча небере жытын жыттай элек.
Ильяс – Дүйшөн Байдөбөтов:
– 1971-жылы Луначарский атындагы театралдык институтт 4-курсунда окуп жаткам. Кулактандыруу боюнча барып киного тартылууга мүмкүнчүлүк алдым. Өткөнүмдү студенттердин баары бир сомдон чогултуп картошка, бир бөтөлкө вино алып майладык. Аўгыча каникул келип, Кыргызстанга кетип калдым. Суусамырда байкемдикинде жүрсөм, зоотехник мени киного чакырган телеграмма алып келип берди. Кинодогу ролум менен өзүм айкалышып эле калдым. Мен да ошол кезде Ильястай өткүр, курч, өжөр элем. Жаш курактарыбыз да бирдей. Көрсө, мен ошондо өзүмдү ойноптурмун.
Ал эми киного келсек, машинам артка кетип, прицебим кулап кеткенде ызама чыдабай ыйлагам. Машинама асылып жатып алаканымды үшүккө алдырткам. Бир ай дегенде сыйрылып араў айыккан. Ашуудагы окуяларды тартарда биз менен дайыма бир МАИ кызматкери, анан дарыгер жүрчү.
Жашоодогу Ильяс...
Дүйшөн Байдөбөтов Москвадагы театралдык институтту бүткөндөн кийин 17 жыл Ош кыргыз драма театрында иштеген. 1989-жылы Жаштар театрында, 1991-жылдан ушул күнгө чейин Кыргыз драма театрында эмгектенип келе жатат. Эки уул, бир кыздын, беш неберенин атасы. КРнын Эл артисти.
Кадича – Назира Мамбетова:
– Кинопробага мен, Таттыбүбү Турсунбаева, Наталья Аринбасарова үчөөбүз өттүк. Мени тартылат деген чечим кабыл алынганда эле оператор Кыдыржан Кыдыралиев каршы чыгып, "биринчи кадрларыў жакшы чыкса тартам, болбосо Таттыбүбү ойнойт" деди. Бактыга жараша, биринчи кадрларымды көрүшүп баары макташты.
Кадичаны ойногондон кийин көр­гөндөрдүн баары мени бузуку катары кабыл алышты. Бир жолу тамагым ооруп ооруканага барсам, мээрман айым мени дарылаганы келип, "азыр" деп коюп кетип калды. 3-4 саат өткөндөн кийин башка кыз келип дарылады. Бир жумадан кийин мени кечке күттүргөн мээрман айым "эже, сиздин Кадича экениўизди көрүп дарылагым келген эмес. Байкасам, жакшы эле эже экенсиз" деп жатпайбы. Дагы бир жолу Ошто тааныш кыздын үйүнө барып калдым. Тигил кыз "апа, бул Кадичанын ролун аткарган эже" десе, "ий, өлү­гүў­дү көрөйүн, бул бузукуну эмне үйгө алып келесиў?!" деп жатпайбы. Ушуну менен эле басылып калбай, күўкүлдөп мени тилдей бергенинен: "Кыздар, мен автобуста отуруп тура­йынчы",- деп кетип калгам.
Кадича чыныгы турмушта...
Назира Мамбетова Ош кыргыз драма театрында 22 жыл иштеп, бир канча роль жараткан. 1994-жылдан бүгүнкү күнгө чейин Бакен Кыдыкеева атындагы жаштар театрында эмгектенип келет. Бир кыз, бир уулдун, төрт неберенин энеси. КРнын Эл артисти.
Сиз билбеген жана көрбөгөн фактылар
Кичинекей Саматтын ролун үч башка курактагы ар башка балдар ойногон. Жаўы төрөлгөнүн оператор Кыдыржан Кыдыралиевдин баласы ойносо, чоўоюп калгандарын корей улутундагы эки оператордун эки баласы ойногон.
Дубляжда Аселдин үнүн Динара Чочунбаева өзү жана Наталья Бондарчук окушкан.
Асел – Динара Чочунбаева жараткан жападан жалгыз роль.
Асел менен Ильяс азыр тойдон көп жолугушат. Жолукканда Ильяс дайыма Аселди бийге чакырат.
Саматтын чуркап жүргөндөгүсүн ойногон Вова Ким азыр үйбүлөсү менен Ташкентте жашайт.
Дүйшөн Байдөбөтовго машина айдаганды кино тартуу учурунда Михаил аттуу Эл аралык класстагы спорт чебери үйрөткөн.
Декорация боюнча директор Макаровдун колунда дайыма портфель боло турган. Качан болбосун ичинде 3-4 бөтөлкө арак, бир колбаса бар эле. Кино тартуучу топтун үшүп кеткенин көрөр замат "келгиле, балдар, үшүп кеттиўер. Суукта бул күч берет" деп калчу.
Төө-Ашуудагы окуяны тартуу учурунда Москвадан келгендердин баары мурундарын үшүккө алдырышкан.

Даярдаган Сүйүн Кулматова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 319, 12 - 18-декабрь, 2008-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан