Гүлшайыр Садыбакасова: «СИЛИМА ЭҢ ТӨМӨНКҮ ДЕҢГЭЭЛДЕ ЫРДАГАН»

Өткөн саныбызда ырчы Силима Абдылдаеванын “Уркуя Салиеванын мааракесинде калыстар бир чыны шорпого сатылып кетишиптир” деген нааразычылыгы жарык көргөн эле. Баш байгени утуп алган Сайкал Садыбакасовага да бир катар “татыктуу эмес болчу, чын эле сатып алса керек” деген сыяктуу пикирлер айтылууда. Мындан улам Гүлшайыр Садыбакасова жана калыстар тобунун айрым мүчөлөрү ойлорун билдиришти.
– Ар бир сынакта жеңилгенди көтөрө билген да, көтөрө албай чычалаган да бар. Сынакка Сайкалды бир ай бою даярдагам. Он жылдык музыкалык билими бар, беш жылдан бери вокалдан сабак алат. Сайкал татыктуу деп айтам.
Мени да башында калыстар тобуна кошуп коюшуптур, дароо эле баш тарткам, кызым катышып жаткан соң кереги жок деп. Анан эле аты-жыты жок, бир ыры менен чыгып жүрүшкөн кээ бир ырчылардын калыстардын чечимдерине каяша сүйлөгөнүн, сын таккандыгын мен сандырактык деп эсептейм. Эл артисттер, Эмгек сиңирген артисттер кантип эле калыстыктан тайып туура эмес баалап коюшсун?
Акылы бар, эси жок кыздар ар кандай маалыматтарды таратып, өздөрүн бийик сезгени туура эмес. «Бир чыны шорпого сатылып кетиптир» дептир. Мен шорпо эмес, керек болсо бирөөсүнө да нан ооз тийгизген жокмун. Силима, чындыгында, эң төмөнкү деңгээлде ырдаган. Балким, башка сынактарда жакшы ырдап жүргөндүр, бирок бул жолкусунда начар ырдады. Негизи эле көрө албастык – каныбызга сиңген нерсе.

Айбек Карымов:
– Качан эле биздикилер калыс болду дешчү эле? Ар бир эле сынакта бирөө ыраазы болот, бирөө нааразы болот. Бул кадимки эле көрүнүш. Казакстанга барышса деле «казактар бизди басып коюшту» дешет. Демек, чычалагандан пайда жок. Сынак эң эле калыс өттү.

Алина Жетигенова:
– Биз, калыстар тобу, эч кандай сатылган жокпуз. Жеңилип калгандар эле айтып жатышат да, элдин баарына жаман көрсөтүп. Мисалы, фольклор боюнча үч кыздын баллдары бирдей чыгып калгандыктан, баш байгени үчөөнө тең берип койдук. Силима жакшы ырдайт, бирок ошол сынакта, балким, биринчи болуп чыкканга толкундангандыр. Тааныш-билиш деген бул жерде болгон жок.

star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (30)
munara90
2011-11-01 05:44:12
Kimdin ichi kuiso tuz jalasin!!!!!!!!!!!
0
munara90
2011-11-01 05:45:04
Kimdin ichi kuiso tuz jalasin!!!!!!!!!!!
0
Aizatkuna
2011-11-01 06:55:44
Сайкал ийгилик...АЛГА!
0
Deya
2011-11-01 15:05:42
мда! начала дочку защищат атакуя Силиму! Браво, Гүлшайыр эже!
0
Мика
2011-11-01 18:46:07
Коой, Силимага караганда Сайкал кучтуу. Гулшайыр болушабы жокпу Сайкал таланттуу кыз, Силима деле таланттуу. Бирок коп чыкпайт, иштеш керек, элге корсотуш керек ошондо и дейт эл да, чын эле бул кыздын талантын коруп журобуз деп. шабытка бир жолу барып алып бетине кармай бервей
0
maniyaso
2011-11-02 05:54:36
kyrgyzbyz da, bugun biri munu aitsa aga ishenip,erten biri bashka soz aitsa aga ishenip...men chyndygynda saikaldyn kanday yrdaganyn bilbeim birok salima dagy talanttuu yrchy! gulshaiyr eje "bir yry menen elge korunup koiup, orun talashat. aa saikal 10jyl yrdagan deptir"talanttuu adam bir yrdy maanisi menen yrdait da,ar kaisy yrdy chanjyratpai.kerek bolso ryspai abdykadyrov dagy bir yr m-n taanylgan elge!!! demek kyzyna tartyp ar kaisyny aita bergen tuura emes.bul menin jeke oium.el synchy!!!
0
Tynka
2011-11-02 10:47:04
молодец Сайкал сага ийгилик
0
Fekus
2011-11-02 11:27:46
Сайкалда талант бар бирок ошол жеништин ээси болууга татыктуу эмес деп ойлойм.
0
mirka
2011-11-03 00:14:29
хммм, сурай турган да адамды таапсыздар да, гулшайыр кызым начар ырдады демек беле
0
janet
2011-11-03 03:14:12
Эй, кыргыздын артистери, кичине бети-башынарды ондоп алып сахнага чыккылачы, былтыйгандан былтыйып эле баратасынар баарынар, бетинерди тырыш басып. Концерт коюп акчаны чогултканды билесинер, пластикалык хирургия дегенди уксанар керек, жарым саатта озгортуп салат! Силердин ырайынар силердин нанынар, куйормандарга уважение деген барбы силерде? Тылкыйган беттерди базардан деле коруп атпайбызбы, телевизорун койсон деле ошол... Кыскасы, ойлонгула!
0
deer
2011-11-03 10:25:52
менин кунум Сайкалдын "Уркуя" деген ырын угуу менен башталып жатат!!!аябай кучтуу патриоттук сезиминди ойгото турган,анан да бир кундук энергия тартуулаган ыр!!!Жеткиликтуу ырдаган,талантына баа берем!!!Азаматсын Сайкал!!!
0
umgnur
2011-11-04 09:30:19
САйкал сексуальная ырдайт аябай жагат мага анын кокурогу
0
edico22
2011-11-04 15:21:27
Бул конкурсту корбосом да, сайкалды биринчи орунга татыксыз деп эсептейм! Обонун да созун да Озум жаздым деп эптеп-септеген, алмакей-чалмакей ырлары абдан коп.Гулшайыр эжеге болсо айтаарым -УЯТ!
0
оштук
2011-11-05 11:30:54
Кайсы бир жылдары- Оштун азем тундору фестивалында гран прини кыз-бурак тобуна берип койгондугуна бутундой кыргыз ырчылары катуу нааразы болушкан эле. Дал ошол фестивалда Гульшайыр Садыбакасова башкы калыс болуп тургандыгы эле нени тастыктайт!?
0
kerim
2011-11-05 23:43:33
Гулшайыр Эже озу чыр аял деп ойлойм
0
№ 469, 28-октябрь - 3-ноябрь, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан