Куудул Назира Жетигенова, Райхан Абдувалиева, Мирлан Жетигенов 13-октябрь күнү фольклор жанры боюнча өтүүчү “Лабра” деп аталган Эл аралык фестивалга жол тартышкан болчу. Бул фестиваль Түркиянын Хатай шаарында өтмөк. Тилекке каршы, ырчылар барган учурда аталган шаарда жардыруу болуп, бир канча адам каза тапканына байланыштуу фестиваль болбой калган.
Анын уюштуруучулары кыргыз ырчыларына диплом, грамоталарды даярдап коюшкан экен, күн мурунтан. Андыктан Түркиянын үч шаарына концерт коюшкан алар куру кол кайтпай ыраазычылык каттарды боорлоруна кыса келишкенине шүгүр деп отурушат.