ЭЛЬДАР АЙТМАТОВ: «АТАМДЫН КАРААНЫ БАК ИЧИНЕН КӨРҮНГӨНСҮЙТ»

– Эльдар, айтчы, Чыңгыз Айтматов үйдө кандай ата эле?
– Чыгармачылыгында кандай улуу, өзгөчө жан болсо, үйдө да ошондой жакшы адам болчу. Кичинекей кезибизде бизди Ала-Арчага көп алып барчу. Суу жээктей басып, үйбүлөбүз менен көп убакыт өткөрчүбүз. Жол жүргөндө Манас жөнүндө ырларды жана ар түрдүү окуяларды оюнан чыгарып, бизге айтып бергенди жакшы көрчү. Кичинекей кезибизде Ширин экөөбүздү уктатарда да ар кандай жомокторду ойлоп чыгара берчү. Кийин ошол жомоктордун көбү атамдын чыгармаларында чагылдырылды.
– Аталар адатта кыздарына мээрман, ал эми уулдарына катуу келишет эмеспи. Улуу жазуучу бул жагынан кандай эле?
– Өтө деле катуу кармачу эмес. Негизи эле атам акырын сүйлөгөн, жумшак адам болчу. Бирок, ага жакпаган нерселерди жасап жатканымды байкап калса, таамай сөздөрү менен акырын гана оюн айтып койчу. Ошонусу эле мага жетиштүү болор эле. Атам мени эч качан тентектигим үчүн урушуп же бурчка тургузуп жазалачу эмес. Кандай учур болбосун, мени жанына чакырып алып, эмне жакшы, эмне жаман экенин жай айтып түшүндүрөр эле. Ал бизди жаштайыбыздан ушул мамилеге көндүргөн. Атам мага дайым эркиндик берип, ишенгендиктен, аны таарынтпаганга, мага болгон ишеничин жоготпоого аракеттенчүмүн.
– Кантип эркелетчү эле?
– Апам экөө көп мамлекеттерди кыдырышты. Айрымдарына жумуш боюнча барышса, айрымдарына жөн гана эл, жер көрүү үчүн. Ширин эжем экөөбүзгө дайыма таттуулардын бир укмуш түрлөрүн жана ар өлкөгө таандык болгон оюнчуктарды алып келип беришчү. Анан дагы эсимден кетпегени, бир жолу атам мага Лего конструктор оюнчугун алып келип берген. Анан эринбей мени менен чогуу отуруп үйлөрдү, машиналарды жасап ойногон. Ал убактарды эстесем, кайра артка, ошол атам менен ойноп отурган бейкапар балалык күндөрүмө баргым келет.
– Чогуу эс алууга барчу бе­ле­ңер?
– Жети жашымда атам мени Ригага өзү менен кошо ала барган. Биз турган пансионатка бир адам келип, бизди таап, бул жакка атайын атам үчүн келгендигин айтып, алардын суу астында сүзүүчү аскердик кемесине мейман болуп кетишин өтүнгөн. Ал киши ошол кеменин капитаны экен. Атам экөөбүз матростордун жаткан жерлерин, каюталарын кыдырып, торпедасын көрүп, абдан суктанганбыз. Ал кеме бир топ чоң болгону менен, ичи ары-бери басканга аябай тар эле. Андан соң матростор бизди тамактанууга чакырышкан. Офицердик каютада кургатылган балык жегенбиз. Атам андан кийин матросторго жана офицерлерге автограф берип, алар менен маектешкен. Ошол күндөн тартып мен аскердик куралдарга жана аскердик чеберчиликке абдан кызыгып, чоңойгондо аскер кызматкери болууну эңсегем. Кийин гана ошол балалык кыялым жоголуп, келечекке көз карашым өзгөрдү. Акыркы убактарда мен атамдын жанынан чыкпай, жеке катчысы, айдоочусу жана котормочусу болуп жүрдүм.
Чынын айтканда, атам абдан көп иштегенине байланыштуу бизге кенен убакыт бөлө алчу эмес. Мен билгенден ал кишинин көпчүлүк убактысы окурмандары, замандаштары менен жолугушууларда, конференцияларда, чыгармачылык кечелерде жана албетте, дипломатиялык жумушунда өттү. Эгер бош убакыт болуп калса, үйдөбү же жаңы бир жерге баргандабы, чогуу токой аралап же тоого чыгып, сейил бактарда сейилдеп, жөө басканды жакшы көрчүбүз. Атамдын табият койнун өзгөчө аздектегени бизге да мурас калган өңдүү. Азыр бардыгыбыз атамды сагынганда анын ойлуу, калбаат караанын ошол жактардан таап алчудай болуп бак аралап, сейилдеп калабыз. Эмнеге экенин билбейм, мага бак арасынан атамдын карааны чыга калчудай туюла берет. Балким, анын бул өмүрдөн өтүп кеткенине дале ишене албай жаткандырмын.
– Эльдар, айтсаң, ушунчалык улуу инсандын уулу болуу оор эмеспи?
– Улуу адамдын уулу болуш абдан кыйын. Биринчиден, бул чоң жоопкерчилик. Атам – менин үлгүм, күзгүм. Кыргызда «атадан кем уул, атага тең уул, атадан артык уул» деген кеп бар эмеспи. Чыңгыз Айтматовдой инсан болуу оңой эмес экенин билем. Ошентсе да, атамдын дал ушул улуулугу андан кем уул болууга жол бербейт. Мен атамдай адам болууга умтулам. Ал өз эли үчүн көп жакшылыктарды жасады. Менин да өлкөм үчүн пайдалуу болушумду аябай каалачу. Атамдын көзү өтүп кеткенден бери анын чыгармачылык мурасын сактоо жана өнүктүрүү менен бирге атам өзү жараткан фондду башкаруу менин жоопкерчилигим болуп калды. Ошондуктан, атам баштаган иштерди бүтүрбөй калтырып коюушум мүмкүн эмес. Азыр ошол иштер менен алек болуп жүрөм.
– Фонд азыр кандай иштер менен алек?
– Фонддун негизги максаты – Чыңгыз Төрөкуловичтин чыгармачылык мурасын сактап калуу, улантуу жана өркүндөтүү. Жакынкы арада Айтматов атындагы музейди ачууга кам көрүп жатабыз. Ал жерге атамдын толук архиви жыйналат. Дагы бир долбоордун бири – Ата-Бейитте Чыңгыз Төрөкуловичке эстелик жаратууга эл аралык конкурс жарыялоо жана Айтматов атындагы маданий сейил бак ачуу.
Андан сырткары, биздин пландарыбызда Чыңгыз Төрөкуловичтин өмүрү жана чыгармачылыгы жөнүндө фотокитеп чыгаруу бар. Ал максат үчүн биз үйбүлөлүк архивдеги сүрөттөрдү жана дүйнөнүн ар кыл мамлекеттериндеги фотографтардын сүрөттөрүн колдонобуз. Жакын арада «Кылым карытар бир күн», «Кыямат» жана «Жамийла» аттуу көркөм тасмаларды кайрадан жаңыртып чыгарууга даярдык көрүлүүдө.
– Айтматовду бир көрүүгө кызыкдар болгон адамдар толгон-токой. А сен өмүр бою ал кишинин жанында жүргөн адамсың. Айтчы, атаңдын кадимки күнү кандай өтчү эле?
– Акыркы күндөрү сыркоолоп калганы эле болбосо, атам эртең мененки саат алтыда туруп, чыгарма жазууга киришчү. Сутканын бул убагын ал эң пайдалуу деп эсептечү. Мындай маалда эч ким телефон чалып же эшикти каккылап тынчын албайт. Атама чыгарма жаратууга болгону ушул шарт, тынчтык керек эле. Анан саат тогуздан баштап дипломатиялык жумуштарына киришчү.
Кийин Бишкекке келгенде үйү­бүз­гө дайым атам менен жолугуп, сүйлөшкүсү келген адамдардын саны көбөйдү. Телефондун үнү такыр тынчычу эмес. Жадакалса түн ортосунда ар кандай адамдар чалып, атам менен сүйлөшүүнү суранышчу. Акыркы күндөрү ден соолугу начарлап, көп тынчтыкты талап кылып калса да, эч кимге жок дебей, ар бир адам менен жолугуп, сүйлөшкөнгө аракеттенчү. Көпчүлүк учурда атам ар кайсы шаарларга жана өлкөлөргө чакырылчу. Ошол чакыруулардын ар бирине катышууга аракеттенчү. Өмүр бою адамзаттын жашоосун жазып келген ал кишиге адамдар менен жолугуу, баарлашуу аябай маанилүү эле. Аны жакшы түшүнсөм да, кээде атамды аяп, өзүнө билгизбей телефонун өчүрүп койчумун. Же ал чарчап турганда бирөө чалып калса, атамды үйдө жок деп айтууга мажбур болгон күндөрүм да болгон. Анткени, ал өзүн түк аячу эмес. А мен үчүн атамдын ден соолугу биринчи орунда эле.
– Ал кишинин замандаш тең­туштары “Чыкемдин тамашаларынан” деп кызыктуу баяндарын аңыз кеп кылышат. Үйдө да тамаша айтчу беле?
– Ар кандай окуяларды оюнан чыгарып, бизге айтып бергенди жакшы көрчү. Ушунчалык берилүү менен чын дилден айтып бергенинен биз оозубузду ачып, ишенип калчубуз. Биздин түрүбүздү көрүп: «Тамашалап койдум»,- деп борсулдап каткырып калчу эле.
– Сенин да кара сөзгө шыгың барбы?
– Айтматовдой адамдар кылымда бир жаралат. Азыр кара сөзгө шыгым жок десем, атамды туу туткан канчалаган пенделердин зээнин кейитерим анык. Бирок, калп айта албайм. Негизи, кесибим боюнча сүрөтчү-дизайнермин. Андан тышкары, Лондондон бизнес-маркетинг боюнча билим алгам. Учурда кесибим боюнча иштей элекмин. Мурун мен ар нерселерди ойлоп чыгарууга, кемелердин, учактардын макеттерин жасоого кызыкчумун. Акыркы убактарда жумуштар көп болгондуктан, хоббиге убакыт жок. Бирок, негизинен, мен да атама окшоп табиятты жакшы көрөм. Өмүрүмдүн көп бөлүгү Европада өткөндүктөн, азыр мекенимдин мейкиндерин кыдырып, элимдин салтына, жашоо-тиричилигине абдан кызыгып, тойбой турган убагым.

Маектешкен Гүлмира Турманбетова.
Фотолор Т.Досалиевдики жана Айтматовдордун үй-бүлөлүк архивинен.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 319, 12 - 18-декабрь, 2008-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан