Эрнест Бөрүбаев эми куудул, актёрлуктан тышкары режиссёр жана монтажчы болуп иштөөнү чечти. Тагыраагы, жакында Бек Борбиев ачкан “Алас Медиа” деп аталган студияга ишке орношту. “Буюрса, бул студияны кеңейтебиз, Кытайдан 100 000 долларга аппаратура алып келдик” деп кубанат Эрнест. Бек акесине ак эмгеги менен иштеп берсе, айлыгын дегеле аз кылбайт да.