Ильяз Андаштын күйөрмандары Якутияда да бар экен. Дегенибиз, Ильязга Якутиядагы кыргыздардан сунуш түшүптүр, «келип концерт коюп кетчи» деген. Андыктан жакында Якутияны көздөй жөнөмөкчү болуп жатат. Ал жердеги мекендештерибизге Ырыскелди Осмонкулов ырдаган “Ала-Тоонун кыздары” аттуу ырды жаңыланган вариантында созууга даярдап жатат.